Ош: Президент менен жолугушууда Мырзакматовдун жери тууралуу маселе көтөрүлдү

Президент Садыр Жапаровдун Ош шаарынын тургундары менен жолугушуусу 10-апрель, 2026-жыл.

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов мыйзамсыз алган делген жерлерге байланыштуу иш учурда Ош шаардык сотунда каралууда. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасынын жарандык иштер боюнча орун басары Шералы Камчыбеков 10-апрелде Ош шаарында президент Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусунда билдирди.

Мунун алдында Шаардык кеңештин депутаты Бекболот Арзибаев мамлекет башчы менен жолугушууда калаанын мурдагы бийлиги тушунда айрым жерлер мыйзамсыз алынып, маселе чечилбей келатканын айткан.

"Мен беш жылдан бери Ош шаарындагы мыйзамсыз сатылып кеткен жерлер боюнча маселени көтөрүп келатам. Прокуратура органдарына дагы бир топ ирет арыз менен кайрылгам. Бирок соттор мыйзамсыз басып, сатып алган кишилердин пайдасына чечип коюп жатат. Ошол жанымды кейитип жатат, анткени элдин эсебинен байып алып таасирдүү адам катары өздөрүн көрсөтүп келишет. Бирок гектарлаган жерлерди басып алган. Ошонун бири Мелис Мырзакматов. Ак-Буура дарыясынын эки четинен 10 гектар жерге үй салып алган. Андан кийин «Таатан» соода борбору, мурдагы «Жибек» комбинаты болуш керек, жалпы аянты 10 гектардай жерди басып алган же мыйзамсыз сатып алышкан", - деди Арзибаев.

Шаардык кеңештин депутаты мындан сырткары 2020-жылы Кең-Сай аймагында 100 гектар жер бир кишиге сатылып кеткенин белгилеп, бул ишти көзөмөлгө алуусун президенттен суранды.

Президент Садыр Жапаров тыкыр иликтөөнү, кызыкчылыкка, тууганчылыкка карабай реалдуу териштирүүнү тапшырды.

Былтыр сентябрда Ош шаарын башкарып турганда Жеңишбек Токторбаев мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун калаада 43 гектар жер тилкеси бар экенин айтып чыккан. Ал бул жер тилкесин мэриянын карамагына алуу боюнча соттошуу жүрүп жатканын билдирген.

Ошту 2009-2013-жылдары башкарган Мырзакматов ээлик кылган жер тилкелери боюнча комментарий бере элек. Бирок анын тарапташтары мурдагы мэрдин жер тилкелери мыйзамдуу экенин билдиришкен.

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош аймагына башталган иш сапары алкагында Ош шаарында жергиликтүү тургундар менен жолуккан. Жыйын Ош улуттук драма театрынын имаратында уюштурулганын, жалпы үч сааттай созулганын президенттин басма сөз кызматы билдирди. Президенттин Ош облусуна сапары 15-апрелге чейин уланат. Мамелкет башчы бир катар райондорго барып, жаңы имараттарды ачат. (КЕ)

Дагы караңыз

Орусияда Шойгунун мурдагы орун басары 19 жылга соттолдуИран АКШ менен сүйлөшүүлөр башталганга чейин активдерин бошотууну талап кылдыПрезидент Жапаров Оштун экс-мэри Токторбаевдин кемчилиги үчүн жоопкерчилик сезерин айттыКазакстандагы эң бай аял ишкерлердин рейтинги жарыяланды