Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Апрель, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:09

Президент Жапаров Оштун экс-мэри Токторбаевдин кемчилиги үчүн жоопкерчилик сезерин айтты

Президент Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. 2026-жылдын 10-марты.
Президент Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. 2026-жылдын 10-марты.

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууда калаанын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди.

Жапаров шаардагы имараттарды түрттүрүүдө кемчиликтер болгонун, мурдагы мэр бул жараянды баштардан мурун кенемте маселесин чечиши зарыл болгонун белгиледи.

Токторбаевдин бир катар жакшы иштери болгонун айткан мамлекет башчы бирок “снос өнөктүгүнө” байланыштуу мүчүлүштүктөрү соңку бир айда аныкталып жатканын кошумчалады:

“Азыркы учурга чейин 700дөй үйдүн маселесин Жанар мырза (Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев - ред.) айтып жатат. Анын баарын ордуна келтиребиз. Ал эми бийликтин кемчилиги. Менин да кемчилигим десем болот. Ишенип мэр кылып койсом ушундай туура эмес иштерди жасаптыр”, - деди Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ошко барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.

58 жаштагы Жеңишбек Токторбаев Ош шаарын 2025-жылдын январь айынан быйылкы жылдын февралына чейин башкарды. Февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жумушунан кол жуугандан сегиз күн өтпөй Токторбаев да мэрлик кызматтан бошотулгон.

Оштун мэри катары ал жол жээгиндеги жана корголгон аймактардагы “кызыл сызыкка” чыгып кетти деген имараттарды жапырт буздурган “снос” деген өнөктүгү менен элдин эсинде калды. Президент Садыр Жапаров былтыр август айында Жеңишбек Токторбаевдин ишин мактап, жеке өзүнүн атынан унаа да белек кылган.

Токторбаев жумуштан кеткен соң бир катар жарандар үй-жай, имараттары мыйзамсыз бузулганын айтып келет. Экс-мэр буга чейин анын аракеттеринде мыйзам бузуу жок деп эсептерин билдирген.


Шерине

XS
SM
MD
LG