Эки күн аралыгында Салижан Жигитовдун илимге жана адабиятка кошкон салымы талкууланды. Бир кезде чогуу иштешкен кесиптештери, шакирттери жана замандаштары жылуу эскеришти.
“Салижан Жигитов жана адабият” эл аралык симпозиумун Кыргыз-Түрк “Манас” университети уюштурган. Салижан Жигитов бул жогорку окуу жайында өмүрүнүн соңуна чейин эмгектенген.
Жазуучулар бирлигинин төрагасы Каныбек Иманалиевдин айтымында, симпозиум “Манас” университетинин, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун, “Өзгөн” коомунун колдоосу жана Жазуучулар бирлигинин демилгеси менен өттү.
Ал маданий иш-чара бир чети кыргыз адабиятынын 35 жылдык тарыхына баа берүү максатында да өтүп жатканын белгиледи:
“Демилге көтөргөндөрдүн башында Кыргыз эл акыны Токтосун Самудинов, белгилүү публицист Эсенбай Нурушев, дагы бир залкар акын, жазуучу Нуралы Капаров турат. Салижан Жигитов өзү той, мааракени жактырчу эмес. Ошол себептүү мамлекетке кайрылбай, коомчулуктун күчү менен өткөрүүнү чечкенбиз. Бирок кечээ президенттик аппараттан, өкмөттөн да өкүлдөр келип кетти. Биз Салижан Жигитовдун мааракесин өткөрүү менен кыргыз адабиятынын басып өткөн 35 жылдык жолуна да баа берип жатабыз. Салижан Жигитов 25-30 жашында акын катары таанылган. Кийин сынчылыкка өткөн. “Күн тууду” деген повести бар, көп баа берилген жок. Кыргызстандагы мыкты 20 повесть болсо, ошонун катарында. Анан мыкты котормочу болгон. Пушкинди, Экзюперини, Мустай Каримди, эң мыктысы Назым Хикметти которгон. Аз эле которгон, аз эле жазган. Бирок бүт эмгеги элге таанылган. Эгемендик алган жылдан тартып саясат, экономика, эл аралык саясат, тил маселеси болсун, бардык маселеге көз карашын, сын пикирин жазып, айтып келди. Турмуштун бүт агымында кайнап, коомдо болуп жаткан жаңы процесстерди элге алгачкылардан болуп түшүндүргөн”.
"Элегияда" катылган экзистенциализм
Салижан Жигитовдун акындыгы тууралуу сөз болгондо "Элегия" ыры сөзсүз айтылат. Симпозиумда бул ыр Түгөлбай Казаковдун аткаруусунда жаңырып турду.
Филология илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзада Станалиева ырда чоң философия катылганын белгилей кетти:
"Салижан Жигитовдун “Элегиясында” өткөн өмүрдү эскерүү аркылуу өмүр, өлүм, жоготуу, өкүт тууралуу экзистенциалдык ой камтылган. Акын чоочун үйдө күзгү түндө теректердин шуулдаганын угуп, уйкусу качып, өткөн өмүрүн эстейт. Анда бейкапар балалыгын, атасы жаш кезинде тиккен теректерди тыңшап, агасы экөө уктаганын, ата-энесин жоготкон оор учурду эсине түшүрүп каңырыгы түтөйт. Ырда жоготуу, жалгыздык коштогон өмүрдө жашоонун маңызын издөө менен акын экзистенциалдык ойго батат. Ырда теректер өзгөчө көркөм табылга, жашоонун, тирүүлүктүн символу десек болот. “Кайрандарым, а силер жатасыңар, терек муңун туйбастан шуулдаган” дейт акын. Теректердин шуулдаганы - бул жашоонун символу катары өмүрдүн ар этабын эске түшүргөн сайын кайталанып берилип, муңдуу маанайды күчөтүп, идеяны тереңдетет".
Айтылуу ырдын "Шуулдаба терегим, теректерим..." саптары Жигитовдун ыр жыйнагынын аталышына тандалып алынган.
Акын, жазуучу Нуралы Капаров өткөн жылдары Салижан Жигитовдун андан башка "Адабий сын макалалар", "От дегенден ооз күйбөйт", "Күн тууду" жыйнактарын түзгөн. Быйыл аларга “Айтматов адабият майданына келгенде” жыйнагы жана орус тилиндеги диссертациясы кошулган. Алты томдукту "Улуу тоолор" басмаканасы чыгарды.
Нуралы Капаров учурда Жигитовдун кезектеги жыйнагын чыгарууга камылга көрүп жаткан экен:
“Чыкпай калган, табылбай жаткан материалдары арбын. Андан тышкары замандаштары, калемдештери шакирттери эскерүүлөрдү жазган. 1950-жылдары Рахман Касымов деген автор “Шайлоо” деген аңгеме жазган. Кийин репрессия болуптур. Салижан аке убагында ал тууралуу “Бишкек Таймс” гезитине сандан санга жазган. Кийин монография кылып чыгарды. Ошонусу жыйнакка кирбей калыптыр. Алыкул Осмонов, фольклор тууралуу мыкты эмгектери бар, алар калып кетиптир. “Азаттыкка” илгери жакшы интервью берген экен, ал дагы кошулбай калыптыр. Ушулардын баарын топтоп, дагы бир жыйнак чыгарыш керек. Бизде акын-жазуучулардын мааракелерин “Ала Тоодой эт, Ала Көлдөй чык” менен өткөрмөй адат бар. Патриархалдык-феодалдык психологиядан арыла албай келебиз. Андан көрө ушундай симпозиумдар өтсө, автордун китептери басылса, кыргыз жаштарына интеллектуалдык мурас калганы жатпайбы”.
"Жигитов мыкты тилчи эле"
Симпозиумда Салижан Жигитовдун котормого кошкон салымы дагы айтылды.
Түркология илиминин доктору, котормочу Таалайбек Абдиев Жигитовдун кээ бир котормолору түп нускадан жакшы чыкканын белгилей кетти.
“Ишенбай Абдразаков досунун “Салижан Жигитов кайсы жагынан караба, көөр ташка окшоп нурданган киши эле” деп айтканы бар. Анын сыңарындай, ар түрдүү өнөргө ээ киши эле. Назым Хикметтин ырын “Мажүрүм тал” деп которгон. Котормо бөлүмүндө сабак берип жүргөндө ошол ырын студенттерге окутчумун. Адегенде түркчөсүн, анан кыргызчасын окутуп, салыштыра келгенде котормонун түп нускадан көркөмдүк жагынан болсун, уйкаштык жагынан болсун, ашып өткөн жерлерин байкагам. Түрк тилин бул киши 1960-жылдары эле үйрөнүп алыптыр. Ошол кезде Илимдер академиясына түрк тилиндеги журналдар келип турчу экен. Бүбүйна Орозбаева эженин “Журналдарды биринчи Салижан, андан кийин мен окучумун. Көрсө ошондо эле түрк, азербайжан тилинде журнал окууга жарап калыптыр” деп айтканы бар".
Таалайбек Абдиев университетти жаңы бүткөн жылы устатынын китепканасында сегиз айдай жашап калган экен. Ал Жигитовдун тилдик туюму да күчтүү болгонун белгилей кетти.
“Китепканасында тил илими боюнча эмгектер аябай көп болчу. "Энциклопедия молодого лингвиста" деген Москвадан чыккан китеби бар эле. Анан бир жолу “Мен ушул адабиятты тандап бекер кылыпмын, анын ордуна тилди тандасам болмок экен. Тил математика сыяктуу так илим тура, ага салыштырмалуу адабият буйлалаган төөдөй жетелесең кете берип, субъективдүү келет экен” деп айтып калды. Мен билгенден тил боюнча жазган макалалары бар. Орфографиянын эрежелери талкууга түшкөн жылы жазган макаласы эсимде. Эрежени иштеп чыккандардын бири Эсенгул Абдулдаев деген агай эле. Ошондо “Тил менен нан таап жаткандардын биримин, айта кетпесем болбойт, эреже боюнча Абдулдаев эмес Абдылдаев болушу керек эле, бул эми башка маселе” деп чымчып кеткен жайы бар. Анан бул кишинин тилдик туюму да күчтүү эле. Биз орусчанын таасири менен "андай которулуш керек, мындай которулушу керек” деп чайналып турганда бир эле сөз менен айтып койчу. Касым Тыныстановго суктанып, “кыргыз тилинин терминдери ээ, баяндооч, айкындооч деп эп келишип кетип жатат, ошол кишиден үлгү алыш керек” дечү. Адабий кээ бир терминдерди сындап, кемчиликтерин айтчу. “Котормо таануу илиминин терминдер сөздүгү” деп китепче даярдасам, мени аябай урушкан эле. “Кандай кудай урган немесиң, таануу деген ведение дегендин котормосу, ал илим менен эле синоним. Же котормо илими деп айт, же котормо таануу деп айт. Орусча которсоң “Наука о переводоведение” болот, тавтология болуп жатпайбы” деп аябай урушкан. Ошол сөздүктү кийин өзү редакциялап берди. Карасам, кызыл жаян, уялганымды айтпа. Кийин “Соросто” иштеп калып орусча, англисче которуп жүрдүм. Ошондо “Ай, сен котормочу болуп эле жүрө бер, ошол жактан нан таап жатасың” деп тамашалаган”.
"Сабагына сөзсүз катышчубуз"
Симпозиумга чогулгандар Салижан Жигитовдун калемпир-мурч кошкондой курч тамашаларын да эскеришти.
"Манас" университетинин Түркология бөлүмүнүн башчысы Халит Ашлар бир кезде анын студенти болгон экен:
“Салижан агай түрк тилин эле эмес, түрк коомуна тиешелүү деталдарды да билет экен. Бир жолу биз ары-бери түртүшүп ойноп турганбыз. Салижан агай аны алыстан эле байкап келатыптыр. Жаныбызга жеткенде какайып туруп калсак, “Мераба, аскер” деп колун көтөрүп өтүп кетти. Биз болсо “саол” деген бойдон калдык. Агайдын сабагы эч качан зеригиштүү болгон эмес. Бир жолу сабакты бүтүрүп кетип баратып бурулду да “сен келчи” деп калды. Отуз түрк, отуз кыргыз студент отурсак, мени чакырып жатпайбы. Мен таң калып артынан барсам, “Ушуну оку, кийин которосуң” деп китеп карматты. Мукай Элебаевдин “Узак жол” романы жана аңгемелери экен, мукабасы күрөң китеп болчу. Ошол күнү агайдын мени чакырганына сыймыктандым. Мен анча деле көрүнүктүү болбосом, эмнеге мени тандады, демек жакшы студент окшойм деп ойлонуп калдым. Андан кийин жүрүм-турумум өзгөрүп, агайдын сабагында жооп берип, каада күтө баштадым. Агай 2006-жылы дүйнөдөн кайтарга жакын биздин бөлүмгө келип кетти, операция болгон эле таяк таянып алыптыр. Биз агай айыкты окшойт, кайра жумушка чыгат деп ойлогонбуз. Көрсө агай биз менен коштошуу үчүн келиптир. Ошол күнү аябай кар жааган. Ал киши бизди бир карап, машинеге түшүп кетти. Ошондо кайра бир коштошуп калсакпы дегенсип карап турдук. Эгер ошол учурдун сүрөтү тартылса, Алтынай менен Дүйшөндүн коштошконуна же Төрөкул Айтматов поездге түшкөндө балдары чуркап коштошконуна окшош болмок”.
Кыргыздын көрүнүктүү адабиятчысы, сынчысы, публицисти, сатириги, акыны жана коомдук ишмери Салижан Жигитов 1936-жылы 17-мартта Кыргыз Республикасынын (ал кездеги Кыргыз АССРинин) Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда Көлдүк айылында туулган. Ал 1995–1996-жылдары "Азаттык" үналгысынын Бишкек бюросун жетектеген.
Салижан Жигитов 2006-жылы 11-февралда Бишкек шаарында оорунун айынан каза болгон. Маркумдун сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
Шерине