Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында сел коркунучу бар аймактарды жеринен көрүп, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Аталган мекеменин басма сөз кызматы 11-апрелде билдиргендей, Ноокат районунун Н.Исанов айыл аймагынын Тескей-Кожеке айылындагы кооптуу тилкелер каралды.
Министрликтин белгилешинче, аталган аймакта жаз-жай мезгилинде жаан-чачын нөшөрлөп жааган учурда сел жүрүү коркунучу жогору болуп, Борбаш айылындагы 250 турак жайга жана 12 гектар үлүш жер аянттарына коркунуч жаралат.
Сел суулары топтолуп түшүүчү жерге атайын долбоордун негизинде коргоочу дамба куруу зарылдыгы белгиленди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөрүн билдирип, дарыяларда суу көтөрүлүп, ташкын болушу мүмкүн экенин эскерткен.
Мекеме белгилегендей, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар.
ӨКМ жарандарды кооптуу аймактардан жана дарыя жээктеринен алыс болууга чакырууда.
2024-жылы Ноокат районунда сел жүрүп, тогуз кишинин өмүрү кыйылган. Айрым айылдарда үйлөрдү сел каптаган. (КЕ)