Акаев Ош мэриясынын болжолдуу карызы 5 млрд сомдой экенин айтты

Жанарбек Акаев.

Ош мэриясынын карызы, соңку эсептөөлөрдөн кийин, болжол менен 5 млрд сомду түзүүдө. Бул тууралуу калаа мэри Жанарбек Акаев «Азаттыкка» билдирди.

Ал акыркы сумма Эсептөө палатасынын эсебинен кийин белгилүү болорун кошумчалады.

«Азыр болжолдуу карызыбыз 5 млрд сомго чукулдады. Бирок дагы эсептеп, комиссия санап жатат. Бул бузулган үйлөр, коммерциялык объектилерди эсептебегенден кийинки карыз. Мунун баары чечиле турган маселе», - деди Акаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын санаалашы делген Жеңишбек Токторбаев 18-февралда мэрлик кызматтан алынган.

Ал жумуштан кеткенден кийин социалдык тармактарда “Токторбаев кызматта турганда Ош мэриясы 12 млрд сом карызга батканы тууралуу” маалыматтар тараган. Өзү карыз тууралуу «Азаттыкка» комментарий берип, 2 млрд 200 млн сом деген сумманы атаган.

10-апрелде Ош облусундагы иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров шаар тургундары менен жолугушуп, мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди. Мамлекет башчы экс-мэрдин кемчилиги үчүн өзү дагы жоопкерчилик сезерин айтты. (NK/КЕ)

Дагы караңыз

ӨКМ Ошто сел коркунучу бар тилкелер текшерилгенин маалымдадыОш: Президент менен жолугушууда Мырзакматовдун жери тууралуу маселе көтөрүлдүОрусияда Шойгунун мурдагы орун басары 19 жылга соттолдуИран АКШ менен сүйлөшүүлөр башталганга чейин активдерин бошотууну талап кылды