Украина жана Орусия бири-бирин дрон менен аткылады, киши өмүрү кыйылды

Одесса.

Ишембиге караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын Одесса аймагына жапырт чабуул жасады. Соккунун бири жеке турак жайга тийди. Шаардык администрация башчысы Сергей Лысак эки киши каза болгонун, кеминде дагы эки киши жараат алганын билдирди.

Ондогон имараттар зыян тартты, арасында бала бакча, жатакана жана инфратүзүм объектилери бар.

Ушул түнү Харьков облусу дагы аткылоого дуушар болду. Укриананын Өзгөчө кырдаалдар кызматы дрон Великий Бурлук айылындагы административдик имаратка сокку уруп, өрт чыкканын кабарлады. Каза болгондор жана жараат алгандар жок. Никополдо дрон чабуулунан жүк ташуучу эки машина күйүп кетти. Алардын биринин 67 жаштагы айдоочусу ошол жерден мерт болгонун Днепропетровск облусунун башчысы Александр Ганжа билдирди. Кировоград облусунда жеке үй зыянга учурады.

Украинанын Абадан коргонуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, Орусия өткөн түнү 160 дрон менен чабуул жасады, алардын 133ү атып түшүрүлдү.

11-апрелге караган түнү Украина да Орусиянын аймагына дрон менен чабуул койгонун орус Коргоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Краснодар крайында бир киши каза болду.

Аннексияланган Крымда, ошондой эле Белгород, Брянск, Ростов, Калуга, Курск облустарынан жана Азов, Кара деңиздин үстүнөн 99 украин дрону атып түшүрүлгөнү маалымдалды.

Жергиликтүү тургундар түнү Тверде бери дегенде үч жарылуу болгонун кабарлашты. Анын бири "Тверьнефтепродукт" мунай базасы экенин Astra басылмасы күбөлөр жарыялаган видеолордон улам жазды.

Коргоо министрлигинин маалыматында украин армиясынын Тверге соккусу тууралуу айтылган эмес. Жергиликтүү бийлик чабуул тууралуу маалымат берген жок.

Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьевдин кабарлашынча, Крым районунда учкучсуз учактын сыныгы көп кабаттуу үйдүн балконундагы бир кишиге тийип, ал каза болду.

Дагы караңыз

НАСАнын "Артемида-2" миссиясынын астронавттары Жерге кайттыӨКМ Ошто сел коркунучу бар тилкелер текшерилгенин маалымдадыОш: Президент менен жолугушууда Мырзакматовдун жери тууралуу маселе көтөрүлдүАкаев Ош мэриясынын болжолдуу карызы 5 млрд сомдой экенин айтты