Ош мэриясынын карызы, соңку эсептөөлөрдөн кийин, болжол менен 5 млрд сомду түзүүдө. Бул тууралуу калаа мэри Жанарбек Акаев «Азаттыкка» билдирди.
Ал акыркы сумма Эсептөө палатасынын эсебинен кийин белгилүү болорун кошумчалады.
«Азыр болжолдуу карызыбыз 5 млрд сомго чукулдады. Бирок дагы эсептеп, комиссия санап жатат. Бул бузулган үйлөр, коммерциялык объектилерди эсептебегенден кийинки карыз. Мунун баары чечиле турган маселе», - деди Акаев.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын санаалашы делген Жеңишбек Токторбаев 18-февралда мэрлик кызматтан алынган.
Ал жумуштан кеткенден кийин социалдык тармактарда “Токторбаев кызматта турганда Ош мэриясы 12 млрд сом карызга батканы тууралуу” маалыматтар тараган. Өзү карыз тууралуу «Азаттыкка» комментарий берип, 2 млрд 200 млн сом деген сумманы атаган.
10-апрелде Ош облусундагы иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров шаар тургундары менен жолугушуп, мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди. Мамлекет башчы экс-мэрдин кемчилиги үчүн өзү дагы жоопкерчилик сезерин айтты. (NK/КЕ)
Шерине