"Кара, кызыл, сары" тасмасынын авторлору эл аралык сыйлыкка көрсөтүлдү

"Кара, кызыл, сары" тасмасын тартуу учуру. (Архив)

"Кара, кызыл, сары" тасмасынын авторлору - Актан Арым Кубат жана Топчугүл Шайдуллаева Asian Art Film фестивалында эл аралык Golden Petrel Award сыйлыгына "Мыкты сценарий" категориясы боюнча көрсөтүлдү.

Asian Art Film Festival Азия чөлкөмүндөгү автордук кинолордун эң ири эл аралык фестивалдардын бири. Форум көркөм кинематографияны өнүктүрүүгө, автордук идеяны колдоого жана аймактагы, дүйнөдөгү маданият алмашууларды бекемдөөгө багытталган.

Asian Art Film фестивалы быйыл Кытайдын Макао шаарында өтөт.

Сынактын жыйынтыгы быйыл 19-22-майда өтүүчү расмий сыйлоо аземинде жарыяланат.

Фестивалдын программасына сынакка көрсөтүлгөн тасмаларды көрсөтүү, эл аралык мастер-класстар, сценарийлердин долбоорлору жана башка иш-чаралар камтылган.

Режиссер Актан Арым Кубаттын "Кара, кызыл, сары" тасмасынын коюучу-оператору Талант Акынбеков эл аралык "Бриллиант көпөлөк" сыйлыгынын лауреаты болуп, "Мыкты оператор" байгесин алган.

Аталган көркөм тасма буга чейин ЮНЕСКОнун Азия-Тынч океан киноакадемиясынын (APSA) "Маданий көп кырдуулук" сыйлыгына ээ болгон.

Тасманын сценарийи жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелеринин негизинде жазылып, тартуу иштери Баткен облусунда жүргүзүлгөн.

Фильмде килем токуучу Турдугүлдүн тагдыры баяндалат. Сүйүү, үй-бүлөдөгү жоопкерчилик, ошондой эле миграция жана чек ара аймактарындагы жашоо көйгөйлөрү чагылдырылат.(ZKo)

Дагы караңыз

Пикир үчүн соттолгондордун иши кайра каралабы?Орусияда Путинди колдогондор азайды. Себеби эмнеде?Орусия менен Украина бири-бирин "Пасхада тынчтыкты бузду" деп айыпташтыИсламабаддагы "бетме-бет сүйлөшүү". АКШ менен Иран мунаса тапкан жок Президент Жапаров Оштогу жолугушууларда кемчиликтерди байкаганын билдирди