"Венгрия Европаны тандады". Оппозициячы Мадьяр Орбанды жеңди

Петер Мадьяр тарапташтары менен. Будапешт, 12-апрель, 2026-жыл

Венгрияда 12-апрелде өткөн парламенттик шайлоодо алдын ала эсептөөлөр боюнча Петер Мадьяр башында турган оппозициялык "Тиса" партиясы алдыга чыккан.

Венгриянын премьери Виктор Орбан өзүнүн тарапташтарынын алдында сөз сүйлөп, 12-апрелде өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын адилеттүү деп баалап, жеңип чыккан партияны куттуктаганын ырастады. Анын айтымында, "Фидес" партиясы эми ишин оппозициялык багытта улантат.

Мадяьр жекшембинин кечинде анын негизги атаандашы болгон башкаруучу "Фидес" партиясынын лидери, премьер-министр Виктор Орбан телефон аркылуу куттуктаганын жазган.

Өлкөнүн шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча добуштардын 40% ашыгы саналган учурда “Тиса” 199 мандаттан турган парламенттен 136 орун ээлеши мүмкүн экени айтылды. Бул оппозициянын конституциялык көпчүлүккө ээ болду дегенди билдирет. Ал эми Венгрияда 16 жылдан бери бийликте турган Виктор Орбан жетектеген “Фидес” партиясы 55тин тегерегинде мандат алышы мүмкүн.

Виктор Орбан шайлоонун баштапкы жыйынтыгы чыккандан кийин

Европанын реакциясы

Европанын лидерлери Петер Мадьярдын жеңишин кубаттап жатышат.

«Бүгүн Европанын жүрөгү Венгрияда катуу согуп жатат», — деп жазды Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен. «Венгрия Европаны тандады. Европа дайыма Венгрияны тандап келген», — деди ал.

"Венгрия чечим кабыл алды", — деди Германиянын канцлери Фридрих Мерц. Ал "күчтүү, коопсуз жана баарынан мурда бирдиктүү Европа үчүн" Мадьяр менен кызматташуу ишенимин билдирди.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон шайлоонун жыйынтыгы "венгер эли Европа биримдигинин баалуулуктарына ыктай турганын көрсөттү" деген баасын берди. Ушундай эле оюн Испаниянын президенти Педро Санчес билдирди.

Британиянын премьер-министри Кир Стармер Мадьярды куттуктап, анын жеңишин "Венгрия үчүн эле эмес, европалык демократия үчүн да тарыхый учур" деп атады.

Мадяьрдын тарапташтары

Мадьярдын жеңишин Украинанын президенти Владимир Зеленский да кубаттады.

«Украина дайыма Европадагы кошуна мамлекеттер менен ынак мамиледе болууга умтулуп келген. Биз Венгрия менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярбыз», — деп жазды ал.

Венгриядагы бул жолку шайлоодо шайлоочулардын 78% ашууну добуш берип, соңку 20 жылдагы рекорддук көрсөткүч болуп калды.

Венгриядагы парламенттик шайлоо эл аралык коомчулукта кызыгуу жаратып, Евробиримдиктеги абал жана Украинадагы колдоо контекстинен талкуу жараткан. Виктор Орбан башында турган өкмөт Евробиримдиктин Украинага колдоосуна бут тосуп, Кремль менен жакшы мамиледе болуп келген.

Орбандын тарапташы

Ошондуктан парламенттик шайлоо кампаниясы бийликчил “Фидес” менен оппозициячыл “Тиса”партиясынын айыгышкан атаандаштыгы, тыңшоо, жалаа жабуу, купуя маалыматтарды ачыкка чыгаруу өңдүү жаңжалдар менен коштолду.

Орбанды эркин медианы жана демократиялык укуктарды чектөө, “либералдуу эмес демократия” орнотуу менен барган сайын бийлигин бекемдегени үчүн да сындашат.

Бул жолку шайлоодо Орбанга АКШ президенти Дональд Трамп колдоо көрсөтүп, шайлоонун алдында вице-президент Жей Ди Вэнс Будапештке келип, ачык сүрөдү.

Петер Мадьяр ким?

Шайлоого оппозицияны баштап барган 45 жаштагы Петер Мадьяр 2024-жылга чейин Орбандын командасында болуп, кийин пикир келишпестиктен улам оппозицияга өткөн. Ал европачыл көз карашты карманып, Украинага колдоо көрсөтүүнү жактайт. “Тиса” партиясы 2020-жылы түзүлсө да, Мадьяр башына келгенге чейин анча активдүү эмес болчу.

Петер Мадьяр шайлоонун баштапкы жыйынтыгы чыккандан кийин тарапташтарынын алдында сөз сүйлөп жатат

Мадьяр — мажар тилинен которгондо мажар же венгер дегенди түшүндүрөт. Ал 1981-жылы 16-мартта Будапештте мажар коомунун ак сөөгү деп аталган үй-бүлөдө туулган.

Мадьярдын чоң атасы Эреш Пал Венгриянын Жогорку сотунун судьясы, өлкөдө 1970-80-жылдардагы белгилүү медиафигура болгон. Пал ал жылдарда тележылдыз болуп, "Укук иштери" деп аталган берүүнү алып барган.

Анын киндигин чоң энесинин бир тууганы, Будапешттеги университеттин профессору Ференц Мадл кескен. Кийин Мадл "Фидес" партиясына кирип, 2000–2005-жылдары Венгриянын президенти болгон.

Петер Мадьярдын ата-энеси юрист. Ошондуктан анын жогорку окуу жайда укук факультетин тандаганы таң калыштуу эмес.

Мунун алдында Мадьяр Бедапешттеги абройлуу католик мектебин аяктаган. Мадьяр маектеринин биринде Виктор Орбанды биринчи жолу ушул жерден көргөнүн, ал "Фидес" партиясынын лидери катары мектепке келип, окуучулардын алдында сөз сүйлөгөнүн кеп салган.