Казакстанда Кытайга каршы нааразылыкка катышкан 19 адамга сот өкүмү чыкты

«Атажурт» активисттеринин соту жүрүп жаткан маалда сот имаратынын сыртында башаламандыкка каршы полиция кызматкерлери күзөттө турушту. 13-апрель, 2026-жыл.

13-апрелде Казакстандын Талды-Коргон шаарында сот «улуттар аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча айыпталган 19 адамдын баарын күнөөлүү деп тапты.

Сот чечимине ылайык, айыпталуучулардын көбү беш жылга эркинен ажыратылды, айрымдарына эркиндигин чектөө жазасы чегерилди. Мындан тышкары, алардын баарына үч жылга коомдук-саясий ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салынды.

Айыпталуучулардын арасында «Атажурт» уюмунун жетекчиси Бекзат Максутхан 5 жылга кесилди. Анын карындашы, кыймылдын юристи Назигуль Максутхан 4 жыл 8 айга эркиндиги чектелди.

Сот отурумуна камактагы айыпталуучулар алып келинген жок, үй камагындагылар гана өкүмдү угууга катышты.

Өкүм чыккандан кийин айыпталуучулар жана алардын жакындары сот чечимине макул эместигин билдирип, имараттын сыртында нааразылык акциясын өткөрүштү.

Бул кылмыш иши 2025-жылдын ноябрь айында Алматы облусундагы Калжат айылы аймагында өткөн акциядан кийин козголгон. Анда «Атажурт» кыймылынын активисттери Кытайга каршы чыгып, Кытайдын туусун жана Си Цзиньпиндин сүрөтүн өрттөшкөн.

Алар Шинжаңдагы «кайра тарбиялоо лагерлеринде» кармалган казактарды бошотууну жана Кытай менен визасыз режимди жоюуну талап кылышкан.

Бул окуядан кийин полиция «Атажурт» кыймылынын 20га жакын активистин кармап, алгач административдик жоопкерчиликке тарткан. Кийин аларга карата «улуттар аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Айыптоо корутундусунда «Атажурттун» активисттери «массалык маалымат каражаттарын колдонуу аркылуу улуттар аралык кастыкты козутуу, ошондой эле Кытай улутунун өкүлдөрүнүн ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинтүү максатында уюшкан түрдө чогулган» деп көрсөтүлгөн.

Айрым укук коргоочулар бул иштин артында Кытай турушу мүмкүн деген божомолду айтышат.

Ошол эле учурда укук коргоо уюмдары бул иш саясий мүнөзгө ээ деп эсептешет. Алардын пикиринде, Кытай лидери Си Цзиньпиндин сүрөтүн жана кызыл тууну өрттөө Кытай элине каршы эмес, Бээжиндин саясатына каршы нааразылык катары каралышы керек.

Эл аралык Amnesty International жана Human Rights Watch сыяктуу укук коргоо уюмдары, ошондой эле АКШ Конгрессинин өкүлү Жеймс Макговерн «Атажурт» активисттерин бошотууга чакырык жасаган.

Мындан тышкары, укук коргоо уюмдары Казакстан бийлиги көп жылдан бери Кылмыш кодексиндеги «улуттар аралык кастыкты козутуу» беренесин жарандардын пикир билдирүү укугун чектөө үчүн колдонуп келет деп бир нече жолу билдиришкен.

Эл аралык уюмдар казак бийлигин бул мыйзамды кайра карап чыгууга чакырып жатышат.

Дагы караңыз

Тегеран Ормуз курчоого алынса, Перс булуңундагы порттор коркунучка кабыларын билдирдиИран АКШ менен сүйлөшүүгө катышарын ырастадыТрамп Рим папасы Леонду сынга алды