"Кытайларды кемсинтүү эмес, Бээжиндин саясатына каршы акция болгон". Казакстанда 19 киши соттолду

Иллюстрациялык сүрөт

Казакстандын Талды-Коргон шаарында расмий катталбаган «Атажурт» кыймылынын 19 мүчөсү жана тарапташы "улуттар аралык кастыкты козутуу" үчүн айыптуу деп табылды. Жети активист 5 жылдан абакка кесилди. Алар былтыр күздө Шинжаңдагы мусулмандарды куугунтуктоону токтотууну талап кылган акция уюштурган.

Кыймылдын сегиз трапкерине жана акция өткөн жерге капысынан барганын айткан кишилерге эркиндигин чектеген өкүм чыкты. Активисттер жана адвокаттары коюлган айыптарды четке кагууда.

13-ноябрдагы акция маалында Шинжаңдагы мусулмандарды куугунтуктоону токтотууну талап кылган активисттер Кытайга жумуш менен барган жеринен кармалган казак жараны Алимнур Турганбайды бошотууга да үндөшкөн. Алар Кытайдын кичинекей желектерин жана ал мамлекеттин жетекчиси Си Цзиньпиндин сүрөтүн өрттөшкөн.

Активисттер Кытайды мамлекет же улут катары сындабастан, ал өлкөнүн саясатын айыптаганын айтышат. Human Rights Watch баш болгон бир нече эл аралык укук коргоо уюму казак бийлигин " Атажурт" кыймылына каршы кылмыш ишин токтотуп, кармалган активисттерди бошотууга үндөгөн.

Калжаттагы акция

Былтыр 12-ноябрда «Атажурт» кыймылынын мүчөлөрү Алматы облусундагы Чунжа айылына конокко барышат. Аларды этностук казак, Кытайдагы «кайра тарбиялоо» лагеринде отуруп чыккан Нурлан Коктеубайулы чакырган. Коктеубайулы ал жайдан Шинжаңдагы түпкүлүктүү элдин кысымга кабылганын 2017-жылдан бери козгоп жүргөн «Атажурттун» жардамы менен чыгарылганын айткан.

Айылга жөнөгөндөрдүн арасында кыймылга түздөн-түз тиешеси жок адамдар да болгон.

Калжат айылындагы акция. Казакстан, 13-ноябрь 2025-жыл

Ошол жакта Алимнур Турганбай аттуу этностук казактын аялы Гүлдария Шеризат Кытай менен чек арага жакын жерден видео кайрылуу жаздырууну сунуш кылат.

Алимнур Турганбай 2016-жылы Кытайдан көчүп келип, Казакстандын жарандыгын алган. Өткөн жылдын июль айында ал Кытайга өз иштери менен кетип, ошо бойдон кайтып келе элек. Кытай бийлиги аны "кош жарандыгы бар" деген шек менен кармаганы маалым болгон. Бирок жакындарынын айтымында, Алимнурдун кытай паспорту тогуз жыл мурда жокко чыгарылган.

Калжат деген жерде өткөн акцияда Турганбайды бошотууну талап кылып, Кытайдын үч желеги жана Си Цзиньпиндин сүрөтү өрттөлгөн.

Кээ бир кишилер ага сырттан байкоо салып турган.

Ошол эле күнү полиция 19 кишини кармап, 12си административдик камакка алынган, жетөө тынч жыйындарды өткөрүү тартибин бузганы үчүн айып пулга жыгылган.

Кийин алардын үстүнөн «улут аралык кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш иш козголду.

Сот жообуна тартылгандарды үч топко бөлсө болот: «Атажурттун» мүчөлөрү, кыймылды колдогондор жана акциянын күбөлөрү.

Активисттердин тобу

Бекзат Максутхан

Бекзат Максутхан, 50 жашта. «Атажурттун» лидери, 5 жылга абакка кесилди. Акыркы бир нече жылда ал Кытайдагы жакындары менен байланыш үзүлгөнүн, туугандарын «кайра тарбиялоо лагерлерине» жана абактарга айдашканын айтып берген кишилердин басма сөз жыйындарын уюштуруп жүрдү. Максутхан кыймылды партия катары расмий каттоодон өткөрүүгө аракеттенип, бирок максатына жете алган жок. Соттун өкүмүндө ал «улут аралык кастыкты козутууга, кытай улутунун өкүлдөрүнүн ар-намысына жана кадырына акаарат келтирүүгө» багытталган аракеттерге атайылап барганы айтылат.

Назигуль Максутхан, 44 жашта. 4 жыл, 8 айга эркиндиги чектелди. Бекзат Максутхандын карындашы жана «Атажурттун» юристи. Шинжаңдагы казактарга укуктук жардам берчү. Астанадан Кытайдын түрмөлөрүндө отурган жакындарын чыгарууну өтүнгөн кайрылмандарга кошулган. Анын пикиринде, казак полициясы активисттерди Бээжиндин талабы менен куугунтуктап жатат. Кытай казак бийлигине акциядан кийин жөнөткөн нотада ал «Кытайдын улуттук ар-намысына каршы, Кытайдын Коммунисттик партиясынын жана өлкө лидеринин аброюна шек келтирген ачыктан-ачык провокация» деп сыпатталган. Кытайлык дипломаттар Астананы окуяны «жакшылап иликтөөгө» чакырган.

Гүлдария Шеризат, 48 жашта. Жарым жыл бою ал казак бийлигинен күйөөсү - Алимнур Турганбайды кайтарууга көмөктөшүүнү сурап келген.

Гүлдария Шеризат

Расмий Астана Турганбай кытай жарандыгынан чыкпаганын жана ал өлкөнүн жараны катары кармалганын билдирген. Шеризат бир нече акциядан кийии административдик жоопкерчиликке тартылып, жүз миңдеген тенге айып пул төлөөгө милдеттендирилген. 5 жылга абакка кесилди, жазасын өтөө мөөнөтү кенже баласы балакатка жеткенде башталат.

Турсынбек Каби

Турсынбек Каби, 53 жашта. Шинжаңда жүргөн кезинде “кайра тарбиялоо” лагеринде кыйноолорго туш болгонун айткан. “Мени бир киши араң баткан капаска камашкан. Жети күн, жети түн ошол жерде чөгөлөп отурдум” – деп айтып берген. Каби эл аралык уюмдарды кийлигишип, Шинжаңдагы түпкүлүктүү элди куугунтуктоону токтоттурууга чакырган. Талды-Коргондогу сотто 5 жылга эркинен ажыратылды

Гульнар Шаймурат, 46 жашта. Шинжаңда төрөлүп, 2001-жылы Казакстанга көчүп келген. Беш баланын энеси, улуусу мектепти аяктап жатат, кичүүсү 4 жашта. «Атажуртту» 2020-жылдан бери колдойт. Үй камагына алынган. 5 жылга абакка кесилди, жазасын кенже кызы балакат курагына жеткенде өтөй баштайт.

Еркинбек Нуракын, 55 жашта. Кытайда туулуп өскөн, кийин казак жарандыгын алган. Элдик медицина менен алектенет. Үч жыл мурун кыймылга кошулган. Нуракын Шинжаңда камакка алынган жээнин бошотуу үчүн жардам сурап, бир нече жолу казак бийлигине кайрылган. 5 жылга эркинен ажыратылды.

Ербол Нурлыбаев, 52 жашта. Жамбыл облусунун тургуну. Активист Казакстан менен Кытайдын ортосунда визасыз режим киргизүүнү жактайт жана Бээжиндин саясатына каршы пикирин билдирип келет. 5 жылга түрмөгө өкүм кылынды.

Бул адамдар тууралуу маалымат «Атажурттун» мүчөлөрү менен маектешүүлөрдөн жана тергөө материалдарынын негизинде алынган.

Мындан тышкары айыпталган 19 кишинин арасынан сегиз киши кыймылдын ишине түздөн-түз катышпаганы менен аны колдошот. Алардын дээрлик бардыгына эркиндигин чектөө (камакка алынбастан) жазасы берилди.

«Атажурттун» мүчөлөрү жана жакындары билдиргендей, сот жообуна тартылгандардын калгандары акция өткөн жерге кокусунан барып калган. Алар активисттердин машиналарына Алматыга жетип алуу үчүн түшкөн, ага чейин митингдерге катышкан эмес.

Укук коргоочулар бул иштин артында саясат турганын белгилешет. Адвокаттын айтымында, Си Цзиньпиндин сүрөтүн жана желектерди өрттөө кытайларды улут катары кемсинтүү эмес, Бээжин өкмөтүнүн саясатына макул эместигин билдирүү ишараты болгон.

Эл аралык укук коргоо уюмдары кылмыш иш кытай бийлигинин кысымы менен козголгон деп санашат.

Amnesty International жана Human Rights Watch, АКШлык конгрессмен Жеймс Макговерн 19 кишини бошотууга Астананы үндөшкөн.