Тажикстан чет өлкөлүк 5 жарым миң жумушчуну ишке алат

Тажик-Кытай ишканасы. Иллюстрация

Тажикстандын бийлиги быйыл чет өлкөлөрдөн тартылчу жумушчулардын квотасын жактырды. “Озоди” радиосунун маалыматына ылайык, президент Эмомали Рахмондун токтому менен үстүбүздөгү жылы 5 жарым миң чет элдик жумушчу ишке алынмакчы.

Анын 3 миң 400 оруну кытайлыктарга, 520 орун ооган жарандарына, 400ү ирандыктарга бөлүнөт.

Президенттин токтомунда чет өлкөлүктөр көбүнчө өнөр жай жана курулуш тармактарына алынары айтылат.

Ошол жумушчулар негизинен Дүйшөмбү жана башкалаанын айланасындагы райондордо иштешет.

Тажик өкмөтү жыл сайын чет мамлекеттен келген жумушчулардын квотасын бекитет.

Ошол эле маалда жылына бир миллиондой тажик жараны жакшыраак акча табуу үчүн Орусия жана башка өлкөлөргө эмгек миграциясына жөнөшөт.

Дагы караңыз

Эл аралык уюмдар Токаевди журналисттердин кармалышына чара көрүүгө чакырды Беш жылда 1,5 миң чакырымга чейин жол курулуп, оңдолдуТүркиядагы лицейде ок атылып, кеминде 16 киши жарадар болду