Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:37

Беш жылда 1,5 миң чакырымга чейин жол курулуп, оңдолду

Жол оңдоо иштери жүрүп жаткан учур. Бишкек. Март, 2026-жыл.
Жол оңдоо иштери жүрүп жаткан учур. Бишкек. Март, 2026-жыл.

2021-жылдан бери Кыргызстанда 200 чакырымдан 1,5 миң чакырымга чейин жолдор курулду жана оңдолду. Анын ичинен 400 чакырым жол жергиликтүү ички жолдор. Бул үчүн жалпы 38 млрд сом сарпталган.

Маалыматты транспорт жана байланыш министринин орун басары Улукбек Жаныбеков 14-апрелде Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинин жыйынында билдирди. Анын сөзүнө караганда, айрым ири жолдордун курулушу чет элдик компаниялар тарабынан жүргүзүлүп жатат.

Депутат Махабат Мавлянова жолдорду оңдоого эбегейсиз көп акча сарпталганы менен сапаты начар болуп жатканын белгилеп, жол курулуштарынын сапатына көңүл буруу зарылдыгын эскертти.

Министрдин орун басары депутаттарга берген маалыматына караганда, Жол фондунун жылдык бюджети 4,5 млрд сомдон башталган.

"Былтыр 2025-жылы 12,6 млрд сом топтолду. Өсүүнүн үстүндө. Себеби башында 4,5 млрд сомдон башталган. Быйыл дагы темпти кармап, 12,5 млрд сомдон кемитпөөнү көздөп турабыз", - деди Жаныбеков.

Жаныбеков жол эксплуатациялоочу ишканалар үчүн тейлөөчү техника жетишпей жатканын белгиледи.

14-апрелде Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитети "Жол фонду тууралуу" мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун 1-окуудан карап, кабыл алды. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG