Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:26

HRW: Израилдин Ирандын мунай кампаларына соккулары согуш кылмышы деп сыпатталышы мүмкүн

Тегерандагы мунай кампасы өрттөнүп жаткан кадр. Сүрөт социалдык тармактарга 7-8-мартта жайгаштырылган.
Тегерандагы мунай кампасы өрттөнүп жаткан кадр. Сүрөт социалдык тармактарга 7-8-мартта жайгаштырылган.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Израилдин Тегерандагы мунай кампаларына соккулары карапайым элге узак мөөнөттүү олуттуу зыян алып келип, согуш кылмышы деп сыптталышы мүмкүн экенин билдирди.

13-апрелде жарыялаган баяндамасында уюм биринчи кезекте тынч максаттарда колдонулган инфраструктурага чабуул коюу жана алдын ала билип туруп залака тийгизүү “эл аралык гуманитардык укукту бузуу жана согуш кылмышы болуп эсептелиши мүмкүн” деп белгилейт.

Израил 7-мартта Тегерандын айланасындагы кампаларга сокку урган. Ирандын бийлиги анын эртеси “мунай продукциясы сакталган төрт объект жана мунай продукциясын ташуу борбору душмандын авиациясы тарабынан чабуулга кабылганын” билдирген.

Ошол эле күнү Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Тегеранда Ислам революциясынын сакчылар корпусуна таандык “күйүүчү май сакталган бир нече комплекске” сокку урулганы тууралуу маалымат тараткан.

HRW уюмунун баамында, ал чабуулдардын оор кесепетин ирандыктар дагы көпкө сезиши ыктымал.

Соккулар “айлана-чөйрөгө жана адамдардын ден соолугуна бир нече жыл бою олуттуу залака тийгизиши жана согуш кылмышы катары эсептелиши мүмкүн”, - деп айтты уюмдун изилдөөчүсү Бахар Саба.

Укук коргоочулар иликтөө Тегеран жана Караж шаарларында жашаган сегиз киши менен маектешүүгө, экологдор жана дарыгерлер менен консультацияларга, спутниктен тартылган сүрөттөргө жана текшерилген видеолорго негизделгенин билдиришти.

HRW 26-мартта Израилдин жана Ирандын бийликтерине кайрылып, окуянын чоо-жайына тактык киргизүүнү өтүнгөн. Тегеран жооп берген эмес. Израилдин расмий өкүлдөрү 30-марттагы жообунда соккулар “бутаны айырмалоо, пропорционалдуу жана сактык принциптерине ылайык” жүргүзүлгөнүн айтышты. Ошондой эле кеп болгон кампалар Иран режиминин куралдуу күчтөрүн, авицаиясын, кемелерин күйүүчү май менен камсыздачу деп кошумчалашты.

HRW мунай базалары “жарандык максаттарда” колдонулганын бышыктаганын, бирок армияны колдоо үчүн пайдаланганбы же жокпу тактоо мүмкүн болбогонун белгиледи.

Булактардын бири ал кампаларда бензин менен дизел гана сакталганын, аларды авиация, согуштук кемелер же учкучсуз учактар колдонбогонун укук коргоочу уюмга айтып берген.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG