Орус армиясы 14-апрелге караган түнү Украинанын Одесса облусуна, анын ичинде Румыния менен чек арадагы Измаил портуна чабуул койду. Облус губернатору Олег Кипер маалымдагандай, жарандык жана транспорт инфраструктурасы бутага алынды, Панаманын желеги астында сүзгөн кеме жабыркады.
Украин вице-премьери Алексей Кулеба соккудан эч ким жапа чекпегенин билдирди.
Өлкөнүн Абадан коргонуу күчтөрү түн ичинде учурулган 133 дрондун 114ү жана бир авиациялык ракета атып түшүрүлгөнүн, 8 жерге пилотсуз 12 учак тийгенин кабарлады. Муну көз карандысыз булактар тастыктай элек.
Херсондо эртең менен ооруканага орусиялык “Молния” дрону тийгенде төрт кызмактери жарадар болду. Бул тууралуу шаар администрациясы билдирди.
Чабуулга Харьков облусу да кабылганы кабарланууда.
Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги тараткан маалыматка караганда, бир нече облуста, аннексияланган Крымда украиналык 97 дрон атып түшүрүлдү.
Липецкидеги өнөр жай зонасында жарылуулар болгону кабарланууда. Облус губернатору Елец шаарында бир аял каза таап, бешөө жаракат алганын жазды.
Орусия күн сайын кошуна өлкөсүн жүздөгөн пилотсуз учак менен аткылап, Украина жооп иретинде Орусиянын ичкери аймагын көбүрөк бутага ала баштады.
Conflict Intelligence Team санап чыккандай, өткөн жылы майдандын эки тарабында бери дегенде 2919 жайкын тургун (арасында 96 бала) каза болду. Анын басымдуусу Украинага туура келет. Орусияда 270тен ашуун киши ажал тапты.
Шерине