Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:24

"Манас" университетин кесип өтчү жолду салуу бир ай ичинде башталат

Мэриянын Болот Миңжылкиев көчөсүн Чыңгыз Айтматов проспектисине туташтыруу демилгеси талкуу жаратты.
Мэриянын Болот Миңжылкиев көчөсүн Чыңгыз Айтматов проспектисине туташтыруу демилгеси талкуу жаратты.

Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кампусун кесип өтүп, Болот Миңжылкиев көчөсүн Чыңгыз Айтматов проспектисине туташтыра турган автожолду салуу бир айдын ичинде башталат.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Абдыжапаркул Жанболотов 14-апрелде “Кабарга” берген интервьюсунда айтты.

“Азыр бюджетибиз каралып, титулдук тизмени бекитип жатабыз. Шаарда жасала турган жолдордун тизмеси толук бекитилгенден кийин жолду сала турган компанияларды тандайбыз”, - деди ал.

Анын сөзүнө караганда, студенттер менен мугалимдердин коопсуздугу үчүн жер астында өтмөк курулуп, зарыл болгон жерлерге жол чырак коюлуп, өтмөктөр салынат. Азырынча жолду салууга канча каражат кетери эсептеле элек. Абдыжапаркул Жанболотов университеттин кампусун кесип өткөн автоунаа жолун салуу Бишкектин 2025-жылга чейинки башкы планында эле болгонун айтты.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин маалыматында Жал кичи районунда 38 миңден ашык адам жашайт. Ал 2022-жылы эле бул райондо 17 миң киши жашаганын, тургундар көбөйгөндүктөн жаңы жолдорду салуу муктаждыгы келип чыкканын билдирди. Мэр бул жол менен борбордогу тыгын маселеси чечилип кетпестигин, бирок аны азайтууга жардам берерин кошумчалаган.

Мэрия андан тышкары Анарбек Бакаев көчөсүн Түштүк магистралга кошууну пландап жатат.

Буга каршы болгон Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин стунденттери, шаардын айрым тургундары кол топтоодо. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG