Чүй облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) соцтармактардагы таенесинин зомбулугуна даттанган кыздын кайрылуусу боюнча текшерүү баштаганын кабарлады.
Видео кайрылуусунда 19 жаштагы кыз таенеси уруп-сабай турганын билдирген.
ОИИБ басма сөз кызматы кабарлагандай, териштирүү учурунда үй-бүлөдөгү мурдагы зомбулук фактылары, 2022-жылы Кылмыш жаза кодексинин 136-беренеси ("Ден соолукка жеңил залал келтирүү") менен кылмыш иши козголгону аныкталган. Анда экспертиза таенеси небересинин колуна бычак менен сайып жибергенин билдирген.
Быйыл март айында 19 жаштагы кыз Токмок шаардык милициясына кайрылып, коммуналдык төлөмдөрдү төлөбөгөнү үчүн апасын батирден чыгарууга көмөктөшүүнү өтүнгөн. Милиция жарандык ишке кийлигишүүгө укугу жоктугун билдирип, иш козгоодон баш тарткан.
2023-жылы кыз жарым жылдай балдар интернатында жашаган, ал жактан аны апасы менен таенеси алып кетишкен.
Милиция учурда кайрылууда айтылгандын баары боюнча текшерүү улантып жатканын билдирди.
Акыйкатчы административдик камоолордун басымдуу бөлүгү үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу экенин билдирген.
Башкы прокуратура Кыргызстанда быйылкы эки айда ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 4590 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганын маалымдаган. Бул 2025-жылдын ушул айына салыштырганда 44% же 1416га көп. Ички иштер министрлиги бул убакыт аралыгында 3859 аялга коргоо ордери берилсе, 229 эркек үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаганын билдирген.
Зомбулуктан жабыркагандар арасында майыптыгы бар, улгайган адамдар, кыздар, жашы жете элек кыздар, балдар бар. (ZKo)
Шерине