Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:48

Балага паспортту ата-энесинин биринин гана арызы менен бере баштоо каралууда

Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту.
Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 14-апрелдеги жыйынында "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун үчүнчү окуудан карап, колдоду.

Мыйзам долбооруна ылайык, 16 жашка толо элек кыргызстандыктарга жалпы жарандык паспорт алуу үчүн ата-энесинин биринин гана өтүнүчү же макулдугу талап кылынат.

Депутаттарга маалымат берген "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин жетекчисинин орун басары Эрнес Досалиев мыйзам долбоорунун максаты жалпы жарандык паспорт алуу жобосун жөнөкөйлөтүү болгонун билдирди.

"Азыркы мыйзам боюнча балдарга паспорт алуу үчүн ата-энесинин экөөнүн тең макулдугу керек. Бирок көп учурда бул кыйынчылыктарга такалат, себеби ата-энесинин экөөнүн тең макулдугун алуу дайыма эле оңой боло бербейт. Алардын бири чет жакта болушу мүмкүн же баланы багышпайт жана башка себептер бар. Экинчиси болсо аргасыздан сотко кайрылат", - деди ал.

Досалиев мындай жеңилдик балага паспорт алууда гана каралып жатканын, жашы жете элек баланы чет өлкөгө чыгарууда ата-энесинин экөөнүн тең макулдугу талап кылынарын эскертти.

Паспорт алуудагы жеңилдиктер чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандык балдарга тиешеси жок. Аларга паспорт алышы үчүн ата-энесинин экөөнүн тең макулдугу талап кылынат. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG