Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:26

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Синоптиктер шашылыш эскерткендей, жакынкы күндөрү тоо этектерде сел, тоолуу аймактарда көчкү жүрөт. 15-16-17-апрелге чейинки туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Ошондой эле жаан-чачынга жана күндүн ысышына байланыштуу тоолуу аймактарда, тоолуу жолдордо жана ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.

15-апрелде түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бийик тоолордо жолдор тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 16…21

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын жаабайт, кечке жакын жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 25…27° ысыйт.


Шерине

XS
SM
MD
LG