Агартуу министрлиги Нарын районунун Ийри-Суу айылындагы М.Байдөөлөтов атындагы мектептин 7-классынын окуучусу өз өмүрүнө кол салганы тууралуу маалыматтын негизинде өз алдынча текшерүү жүргүздү.
Министрликтин маалыматына ылайык, текшерүүнү Нарын шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрү жүргүзүп, директоруна “катуу сөгүш” берилди, ал эми маркум окуучунун класс жетекчисине жана социалдык педагогго катуу тартиптик чара көрүү сунушталды.
Мындан тышкары, мектептин мугалимдерине кесиптик этика, балдарды коргоо жана окуу процессиндеги коопсуздукту камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тобокел топтогу балдар менен иштөө механизмдери боюнча окутуулар уюштурулганы кабарланды.
Ийри-Сууда 7-класстын окуучусунун сөөгү сарайдан асынган абалда 1-апрелде табылганын, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси ("Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү") менен козголгонун милиция 8-апрелде кабарлаган.
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева китептин ижарасына деп чогултулган акчадан 110 сом жоголгонуна мектеп жетекчилиги баланы күнөөлөгөнү өспүрүмдүн өз жанын кыюусуна алып келгенин парламент отурумунда айтып, спикерди жана өкмөт өкүлүн көзөмөл кылууну сураган.
Расмий маалыматка караганда, 2025-жылы Кыргызстанда 101 өспүрүм өз жанын кыйган. Бул 2024-жылдагы көрсөткүчтөн 14кө көп.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов былтыр суицидге барган өспүрүмдөрдүн көбү Жалал-Абад облусунда катталганын билдирген. Аталган облуста 20 өспүрүм, Чүй жана Ысык-Көл облустарында 18ден, Баткенде 13, Ош облусунда 10, Нарын жана Талас облустарында экиден, Бишкекте 12, Ош шаарында үч өспүрүм өз жанын кыйганы айтылган.
Суицидге барган балдардын 85и мектеп окуучулары, 11и студенттер, беш бала эч жерде окубаганы, 66,3% эркек балдар, 33,7% кыздар экени аныкталган.
Милиция суицидге барган балдардын көпчүлүгү ата-энеси миграцияда жүргөндөр экенин билдирип келет. Өз жанын кыйган айрым балдардын жакындары өлүмгө мектептеги чоңсунуу, рэкетчилик себеп болгонун да айтып чыгышкан. (ZКo)