Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:51

Жакынкы Чыгыш: Кытайдын "согуш дипломатиясы", Лавровдун Бээжин сапары

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Кытайдын тышкы иштер Ван И, 14-апрель, Бээжин.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Кытайдын тышкы иштер Ван И, 14-апрель, Бээжин.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бээжинге барды. Азыркы тапта Кытай Ирандагы согушка байланыштуу дипломатиялык аракеттерин күчөтүп жатат. Ошол эле маалда АКШ Иран портторуна кирип-чыккан кемелерге каршы блокада киргизди. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги бул кадамды «кооптуу жана жоопкерчиликсиз» деп атады.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Лавров 14–15-апрелдеги сапарынын алкагында кытайлык кызматташы Ван И менен сүйлөшүү өткөрдү. Анда Иран жана Украинадагы согуштар, ошондой эле Бээжин менен Москванын тереңдеп жаткан алакалары талкууланды.

Мекеме «бир катар курч темалар жана аймактык маселелер боюнча кеңири пикир алмашуу күтүлүүдө» деп билдирген. Анын ичинде Украинадагы кризис жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаал дагы бар.

Ошондой эле сапардын жүрүшүндө Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгы, БРИКС, G20, Шанхай кызматташтык уюму жана Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу көп тараптуу уюмдардагы Кытай–Орусия кызматташуусу да талкууланууда.

Сергей Лавровдун Кытайга сапары АКШ менен Иран ортосунда Исламабадда өткөн тынчтык сүйлөшүүлөрү жыйынтыксыз аяктагандан кийин өтүп жатат. Ал жолугушуудан кийин АКШ президенти Дональд Трамп Ормуз кысыгы аркылуу өткөн, Иран портторуна багытталган кемелерге каршы блокада жарыялоого чакырган. Бул кысык дүйнөнү мунай жана газ менен камсыздоодо стратегиялык мааниге ээ.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги 14-апрелдеги брифингде бул кадамды «кооптуу жана жоопкерчиликсиз» деп баалады.

Орус министринин сапары ошондой эле Кытай лидери Си Цзиньпин Жакынкы Чыгыштагы согушка байланыштуу дипломатияда активдүү роль ойноого аракет кылып жаткан учурга туура келди.

Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы чыңалуу курчуп жаткан шартта Бээжин өз таасирин күчөтүүгө умтулууда.

14-апрелде Си Цзиньпин Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Шейх Халид бин Мохаммед Ал Нахайян менен жолугушту. Кытай мамлекеттик маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык, Си аймакта тынчтыкты сактоо боюнча сунуштарды киргизди.

Айрым маалыматтарда Кытай ок атышууну токтотуу боюнча акыркы сүйлөшүүлөрдү колдоого салым кошкон болушу мүмкүн деп айтылат. Бул тууралуу Трамп да кыйыткан. Бирок Бээжин Тегеранды сүйлөшүү үстөлүнө алып келүүдө канчалык маанилүү роль ойногону так белгисиз бойдон калууда.

Талдоочулардын айтымында, Кытай Ирандагы согушту өзүнүн глобалдык позициясын бекемдөө мүмкүнчүлүгү катары көрүп жатат. Ал эл аралык саясатта жана соодада АКШны туруксуздук жараткан күч катары көрсөтүүгө аракет кылууда.

"Кытай бул жаңжалды чоң мүмкүнчүлүк катары көрөт. Бээжин эл аралык иштерде туруктуу күч экенин көрсөтүүнү, башкача айтканда, кырдаалды көзөмөлдөгөн жетилген тарап катары көрүнүүнү көздөйт", - дейт башкы кеңсеси Лондондо жайгашкан Chatham House аналитикалык борборунун улук изилдөөчүсү Юй Цзе.

Бээжин менен Москва Ирандагы согушту талкуулоодо

Дональд Трамп 14–15-май күндөрү Бээжинге барып, Си Цзиньпин менен саммит өткөрөрү күтүлүүдө, анда соода, технология жана аскердик маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланат.

Бул сапар башында март айынын аягына пландалган, бирок Ирандагы согушка байланыштуу кийинкиге жылдырылган.

LSEG жана Kpler компанияларынын жүк ташуу маалыматтарына ылайык, кытайлык мунай танкери Ормуз кысыгындагы АКШнын жаңы блокадасын биринчи болуп сынай турган кеме болушу мүмкүн.

Rich Starry деп аталган бул кеме жана анын ээси Shanghai Xuanrun Shipping Co Ltd Иран менен иш алып барганы үчүн буга чейин эле АКШнын санкциясына кабылган. Жүк ташуу боюнча маалыматтарга караганда, Кытайга тиешелүү бул танкерде кытайлык экипаж бар жана ал болжол менен 250 миң баррель метанол ташып баратат.

Кытай Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Го Цзякун 14-апрелде АКШнын аракетин «кооптуу жана жоопкерчиликсиз» деп атап, Вашингтон «бул чыңалууну дагы күчөтүп, ансыз да араң турган атышууну токтотуу келишимин бузуп, Ормуз кысыгы аркылуу коопсуз өтүүгө дагы коркунуч жаратат» деп кошумчалады.

Сергей Лавровдун сапары ошондой эле CNN жана The New York Times басылмалары жарыялаган маалыматтардан кийин болуп жатат. Жарыяланган макалаларга караганда, АКШнын чалгын кызматтары Кытайдан Иранга ийинден атылуучу ракеталар жеткирилиши мүмкүн деген маалыматка ээ.

The New York Times америкалык расмий өкүлдөргө таянып, жүк буга чейин эле жөнөтүлгөнүн жазган, ал эми CNN Кытай жакынкы апталарда жөнөтүүгө даярданып жатканын билдирген.

Эки маалыматта тең так далилдер келтирилген эмес, ал эми Кытайдын АКШдагы элчилиги согуш учурунда ракета жөнөтүлгөнү тууралуу маалыматты четке каккан.

Ошого карабастан Американын чалгын кызматтары Кытай бул жаңжалда Иранды кантип колдоону караштырып жатканын баалаган.

Маалыматтарга караганда, айрым кытайлык компанияларга Иранга аскердик өндүрүштө колдонулушу мүмкүн болгон компоненттерди, күйүүчү май жана химиялык зат жеткирүүгө уруксат берүү маселеси талкууланууда.

Ошондой эле АКШнын чалгын кызматтары Орусия Иран армиясына атайын спутниктик чалгын маалыматтарды берип, Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусуна Жакынкы Чыгыштагы америкалык кемелерди, ошондой эле аскердик жана дипломатиялык объекттерди бутага алууга жардам берген болушу мүмкүн деген далилдерди да алгандыгы айтылууда.

Кытайга глобалдык экономикалык басым күчөп жатат

Эксперттердин айтымында, Кытай Иран боюнча расмий риторикасын февралдын аягында АКШ жана Израилдин соккулары башталгандан бери бир аз жумшартты.

Бул бир жагынан Кытайдын Жакынкы Чыгыштагы араб өлкөлөрү менен терең саясий жана экономикалык байланыштарына байланыштуу деп эсептелет, анткени ал өлкөлөр Ирандын чабуулдарына дуушар болушкан.

Ошондой эле бул Бээжин Дональд Трамп менен Си Цзиньпин ортосунда боло турган алдыдагы саммиттин алдында АКШ менен мамилелерди тең салмактоону көздөшү мүмкүн.

"АКШ–Кытай мамилелеринде туруктуулукту сактоого болгон Бээжиндин милдеттенмеси эки өлкө үчүн гана эмес, бүткүл дүйнөнүн туруктуулугу жана өнүгүшү үчүн да терең жана узак мөөнөттүү мааниге ээ", - дейт Цинхуа университетинин Америка жана Тынч океан изилдөөлөр институтунун директору Хуан Цзин Кытайдагы Guancha аттуу популярдуу маалымат сайтына жазган.

Кытай Ормуз кысыгы аркылуу өтүүчү мунайдан абдан көз каранды жана Ирандагы согуштан улам келип чыккан глобалдык экономикалык кесепеттер анын экономикасына коркунуч жаратышы мүмкүн деп тынчсызданууда.

Кытай башка көптөгөн экономикаларга салыштырмалуу энергетикалык соккуларга жакшыраак туруштук бере алганы менен Жакынкы Чыгыштагы жеткирүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашынан улам чийки зат бааларынын өсүшү кирешесин кыскартышы мүмкүн.

Андан сырткары күйүүчү май бааларынын жогорулашы кытайлык күн панелдерине жана электр унааларына болгон суроо-талапты арттырганы менен мунай баасынын туруктуу өсүшү дүйнөлүк суроо-талапты алсыратышы жана кытай өндүрүшчүлөрүнө болгон буйрутмаларды азайтышы мүмкүн.

Глобалдык суроо-талаптын төмөндөп жатканынын белгиси катары 14-апрелде Кытайдын бажы кызматы жарыялаган маалыматтар өлкөнүн экспорттук динамикасы март айында жайлаганын көрсөтөт.

Маалыматтарга ылайык, март айында Кытайдын экспорту өткөн жылдын ошол эле мезгилине салыштырганда 2,5 пайызга өскөн. Бул январь жана февраль айларында өткөн жылга салыштырмалуу 22 пайыздык өсүшкө караганда байкаларлык жайлай түшкөнүн көрсөтөт.

Куржундар
XS
SM
MD
LG