15-апрелге караган түнү Орусиянын армиясы Украинага жүздөгөн дрондор жана ракеталар менен сокку урду. Бир нече облустун бийлиги жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу кабарлады.
Запорожье шаарында чабуулдун кесепетинен эки адам набыт болгонун аймак башчысы Иван Федоров билдирди. Анын айтымында, аял автобус токтоочу жайдын жанындагы күркөдө болгон.
Чабуулдан көп кабаттуу үйлөр, чарбалык имараттар жана унаа токтотуучу жайдагы машиналар жабыркаган. Соода күркөсү толугу менен кыйраган.
Мындан тышкары Днепр шаарында үч адам жаракат алды, Херсондо бир тургун жабыркады. Черкассы шаарында дрон соккуларынан төрт адам жарадар болуп, турак үйлөргө зыян келди.
Ошондой эле түн ичинде орусиялык дрондор Одесса облусундагы портторду жана Сумыдагы ишкананы бутага алды. Киев облусу да соккуга кабылып, Бела Церковь шаарында өрт чыкты.
Украинанын Аскер-аба күчтөрү билдиргендей, орусиялык аскерлер түн ичинде 324 дрон жана үч «Искандер-М» баллистикалык ракетасы менен чабуул койгон.
Орусия бул чабуул боюнча азырынча комментарий бере элек.
Мунун алдында эле Днепрде орус армиясынын соккусунан беш адам каза болуп, кафе менен азык-түлүк дүкөнү жабыркаган. Бүгүн шаарда аза күтүү күнү жарыяланды.
Орусиянын Коргоо министрлиги көптөгөн далилдерге карабастан, жарандык жайларды аткылаганын четке кагып келет.