Орусия 6 миңге жакын мигрантты өлкөдөн чыгарууну пландап жатат

Орусиядагы катаал мамиледен улам кыргыз мигранттары башка мамлекеттерге кетип жатышат. Сербиядан тартылган сүрөт

Орусиянын Ички иштер министрлиги март айында мыйзамсыз миграцияга каршы өткөрүлгөн рейддердин жыйынтыгы боюнча 6 миңге жакын чет элдик жаранды өлкөдөн чыгаруу чечими кабыл алынганын билдирди. Бул тууралуу министрликтин расмий өкүлү Ирина Волк өзүнүн Telegram каналында маалымдады.

Анын айтымында, март айында мындай рейддер өлкө боюнча өткөрүлүп, ага Ички иштер министрлигинин, Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкерлери жана Росгвардиянын өкүлдөрү катышкан.

Бул жолу өзгөчө көңүл транспорттук инфраструктура объектилерине бурулган. Ошондой эле текшерүүлөр базарларда, кампаларда, өнөр жай аймактарында жана чет элдик жарандар жашаган жайларда жүргөн.

Жалпысынан 130 миңден ашуун объект текшерилди.

Рейддерге 60 миңге жакын полиция кызматкери тартылып, натыйжалуулукту жогорулатуу үчүн учкучсуз аппараттар жана башка заманбап техника колдонулган.

Орусиянын ИИМинин маалыматына караганда, 2025-жылы өлкөдөн 72 миң чет элдик жаран чыгарылган. Бийлик мындай чаралар мыйзамдарды сактоону күчөтүү максатын көздөй турганын белгилейт.

Ошол эле учурда эксперттер депортацияланган мигранттардын саны дагы өсүшү мүмкүн экенин айтышууда. Себеби Мамлекеттик Дума мигранттарды өлкөдөн чыгарууга негиз болгон беренелердин санын 22ден 43кө чейин дээрлик эки эсе көбөйтүүнү карап жатат.

Анын ичинде коомдук тартипти бузуу, полиция же Росгвардиянын талаптарына баш ийбөө, ошондой эле транспорт жана инфраструктуранын ишине тоскоолдук жаратуу сыяктуу себептер киргизилиши мүмкүн.

Дагы караңыз

"Унаанын" үч кызматкери машиналарды мыйзамсыз каттоого шектелип кармалдыНарында өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу мектеп директоруна сөгүш берилдиОрус армиясы Украинага жүздөгөн дрондор менен чабуул койду