Ливан: Израилдин чабуулу, Трамптын билдирүүсү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен Ливандын лидерлери 16-апрелде сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн билдирди. Эгер ал ишке ашса, 1993-жылдан бери мындай деңгээлдеги алгачкы сүйлөшүү болмокчу. Бирок Ливандын бийлиги мындай сүйлөшүүлөр тууралуу маалыматы жок экенин билдирди. Буга чейин эки тараптын дипломаттары Вашингтондо жолуккан. Алар Израил менен Иран колдогон “Хезболла” тобунун ортосундагы согушту токтотуу боюнча келишимге жетишүүнү көздөшүүдө.