Инфантино Иран футбол боюнча дүйнө чемпионатына "сөзсүз" катышарын айтты

Ирандын улуттук командасы оюн учурунда. Архив

ФИФАнын жетекчиси Жанни Инфантино согушка карабай Иран футбол боюнча быйылкы дүйнө чемпионатына “сөзсүз” катышарын билдирди.

“Ирандын командасы албетте келет. Жарыштарга чейин тынчтык орнойт деп үмүттөнөбүз. Бейпилдик жардам бермекчи. Бирок Иран келүүгө тийиш, алар өз элинин өкүлдөрү, чемпионатка иргелип алды, футболчулар ойногусу келет”, - деп айтты Инфантино америкалык CNBC телеканалына.

Ирандын курамасы кирген тайпа Лос-Анжелес жана Сиэтл шаарларында ойнойт. Иран 15-июнда Жаңы Зеландия жана 21-июнда Бельгия менен беттешмекчи. 26-июнга Египет менен матч пландалган. Команда андан кийинки айлампага чыкса, калган оююндар да АКШда өтмөкчү.

Иран ФИФАдан беттешүүлөрүн Мексикаган которууну өтүнгөн, бирок уюм ага макулдугун берген эмес.

Дүйнө чемпионаты быйыл жайда АКШ, Канада жана Мексикада уюштурулууда.

Инфантинонун айтымында, ал жакында ирандыктардын Анталиядагы машыгуу матчына барганда оюнчулар дүйнө биринчилигинде ойноону каалаганын айтышкан.

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын командасы “өз өмүрү жана коопсуздугу” үчүн үйдө калууга тийиш деген кеңеш берген.

Акыркы жолу кайсы бир улуттук курама дүйнөлүк чемпионатка катышпаган окуя 1950-жылы болгон. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки алгачкы турнирден бир нече команда баш тарткан.

Дагы караңыз

Айдарбеков ЖК депутаттыгына талапкерлигин алуу тууралуу арыз жазды"Мушарака, шарика". Араб сөздөрү тилди байытабы?"Айдоочулук күбөлүгү алынат, өзү камалат". Жол эрежесин бузгандарга жаза катаалдайт