УКМК: Жалал-Абадда облустук милиция башчысынын орун басары пара алып жатканда кармалды

УКМК тараткан сүрөт. 17-апрель, 2026-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары К.К.И. жана Тергөө кызматынын тергөөчүсү Т.А.Ж. пара алып жаткан жеринен кармалганын 17-апрелде кабарлады.

Тергөө маалыматына ылайык, алар текшерүүнү токтотуу жана кылмыш ишин козгоодон баш тартуу үчүн 2 000 доллар талап кылышкан. Шектүүлөр Ички иштер башкармалыгынын имаратында 170 миң сом алып жаткан учурда кармалганы маалымдалды.

Алар УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

2025-жылы өлкөдө коррупцияга каршы мыйзам катталдашкан. Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 31-декабрында паракорчулукка айыпталган адамдарга жазаны күчөткөн мыйзамга кол койгон.

2025-жылы Кыргызстанда укук тартибин коргоо органдары кызматтык жана коррупциялык кылмыштарга байланыштуу 1359 иш козгогонун башкы прокурор Максат Асаналиев парламенттин тармактык комитетинин 7-апрелдеги жыйынында билдирген. (КЕ)

Дагы караңыз

Трамп Израил менен Ливан атышууну он күнгө токтотууну макулдашканын жарыяладыӨзбекстан Беларустан айдоо аянттарын ижарага алууну көздөйт Украинада Орусиянын соккуларынан каза болгондор 20га жеттиТрамп Израил менен Ливандын лидерлеринин жолугушуусу өтөрүн билдирди