Израил менен Ливандын лидерлери 16-апрелде жолугушарын АКШ президенти Дональд Трамп 15-апрелде TruthSocial социалдык медиа платформасына жазды. Бирок ал лидер дегенде кимиси, өкмөт башчыларыбы же президенттериби, тактаган жок:
"Биз Израил менен Ливандын ортосундагы айрым чыңалууну басаңдатууга аракет кылып жатабыз. Бул эки өлкөнүн лидерлери бири-бири менен сүйлөшкөндөн бери көп убакыт өттү, болжол менен 34 жыл болду".
14-апрелде Вашингтондо Израилдин АКШдагы элчиси Йехиел Лейтер менен Ливандын АКШдагы элчиси Нада Хамаде-Моаваддын ортосунда мамлекеттик катчы Марко Рубионун катышуусунда 1993-жылдан берки биринчи жолку жолугушуу өткөн. Жыйынтыгында Мамлекеттик департамент эки тарап түз тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого кадам жасаганын жарыялаган.
Израилдин жана Иран колдогон, Ливандын аймагында жайгашкан "Хезболла" тобунун ортосундагы жаңжал өткөн айда АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу башталгандан көп өтпөй кайрадан күчөгөн. Ливан жетекчилиги 2024-жылга чейин топту куралсыздандырууну убада кылган, бирок ал ишке ашкан эмес.
"Хезболла" Израил менен Ливан өкмөтүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөргө каршы. Вашингтондо Израил менен Ливандын элчилеринин жолугушуусуна чейин согушкерлер Израилдин түндүгүнө бир катар ракеталык чабуул жасашкан.
28-февралдан бери АКШ менен Израил Иранга абадан сокку уруп, жогорку лидер аятолла Али Хаменеини жана көптөгөн жогорку даражалуу чиновниктерди, коопсуздук кызматкерлерин жок кылды. Тегеран Перс булуңундагы коңшу мамлекеттерге ракета жана дрон менен сокку уруп, жооп кайтарды.
8-апрелде АКШ менен Иран атышууну эки жума токтото турууну макулдашкан. Тегеран ал макулдашуу боюнча Израил Ливанга каршы соккуларын токтотушу керек болгонун айтса, Израил ал тууралуу сөз болбогонун билдирген жана соккуларын уланткан.
Бейруттун эсептөөлөрү боюнча, 8-апрелде Израилдин Ливандын аймагына соккуларынан 350дөй адам каза болуп, 1000ден ашык адам жаракат алды.
Ливандын бийлиги сүйлөшүү тууралуу кабары жок экенин маалымдады.
Шерине