Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчисинин мурдагы орун басары Курсантбек Матиевдин иши тууралуу комментарий берди.
Атайын кызматтын маалыматында Оштогу Валентина Терешкова атындагы жатак-мектептин жатаканасын бузуу ишинде мыйзам бузулганы аныкталган. УКМК жатакана 2022-жылдын июль жана сентябрь айларынын аралыгында тендер өткөрүлүп, келишимдерге кол коюлганга чейин эле буздурулганын билдирди. Имарат бузулгандан кийин калган 7 млн 46 миң 618 сомдук курулуш материалдары мыйзамсыз сатылып кеткени такталган.
Курсантбек Матиев Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен жоопко тартылган. Ош шаардык сотунун 2025-жылдын 31-октябрындагы чечими менен ал күнөөлүү деп табылып, 300 миң сом айып пул салынып, 6 млн 713 миң 28 сом зыянды өндүрүп берүүгө милдеттендирилген. Ош облустук сотунун 2026-жылдын 9-февралындагы токтому менен өкүм өзгөртүүсүз калтырылган. Ушул тапта анын кассациялык даттануусу Жогорку сотто каралууда.
14-апрелде президент Садыр Жапаров Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургундары менен жолугушууда Курсантбек Матиев өлкө башчыга кайрылып, жоопкерчиликке адилетсиз тартылганын айтып, ишин көзөмөлгө алууну суранган. Ал мектептин жатаканасын бузуу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ош мэриясынын чечимдери чыкканын, өзү төрт ай камакта отуруп, бюджетке 1 млн сом төккөнүн айткан.
Садыр Жапаров Курсантбек Матиевдин ишин териштирип, мыйзамсыз иштер аныкталса каражатын кайра кайтарып берүү тапшырмасын берген.
Валентина Терешкова атындагы жатак-мектеп 2025-жылы толук буздурулуп, кайра жаңы салынган. (BTo)
Шерине