Reuters: 2028-жылга чейин дагы төрт миллиондон ашуун адам качкынга айланышы мүмкүн

Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнө жүзү боюнча согуштар жана гуманитардык жардамдын кыскарышына байланыштуу 2027-жылдын аягына барып дагы төрт миллиондон ашуун киши качкынга айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Reuters агенттиги Дания кеңешинин качкындар менен иштеген башкы катчысы Шарлотта Слентенин айткандарына таянып жазды.

Эл аралык Кызыл чырым комитетинин эсебинде, дүйнө жүзүндө өз турак жайын таштап кетүүгө аргасыз болгондордун саны 117 миллиондой адамды түзүүдө. Ошол эле учурда жаңжалдардын саны XXI кылымдын башына салыштырмалуу болжол менен 130га чейин, дээрлик эки эсе өстү.

Жер которгондордун басымдуу бөлүгү төрт жылдан бери согуш жүрүп жаткан Судандан болот деп болжолдонууда. Бул убакыттын ичинде 13,5 миллион адам үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз жана жакынкы эки жылда дагы 670 миңдей адам жер которууга аргасыз болушу мүмкүн.

Андан тышкары, каржылоонун жетишсиздигинен улам БУУнун агенттиктери кошуна Чаддагы качкындарды суу жана тамак-аш менен камсыз кылууну азайтышы мүмкүн.

Дагы караңыз

УКМК: Жалал-Абадда облустук милиция башчысынын орун басары пара алып жатканда кармалдыТрамп Израил менен Ливан атышууну он күнгө токтотууну макулдашканын жарыяладыӨзбекстан Беларустан айдоо аянттарын ижарага алууну көздөйт Украинада Орусиянын соккуларынан каза болгондор 20га жетти