Бишкекте шектүүгө күч колдонгон милиция кызматкерлерине иш козголду

Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкек шаарында шектүүнү кармоо учурунда күч колдонуп, уруп-сабаган милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси ("Бийликтен аша чабуу") боюнча кылмыш иши козголгонун 17-апрелде кабарлады.

ИИМдин маалыматына караганда, министрликтин Ички иликтөө кызматына 2000-жылы туулган Э. уулу Э. аттуу жаран кайрылып, анын кармалышына катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери тууралуу арызданган. 26 жаштагы жаран өзү "Алдамчылыкка" шектелип кармалган.

"Арыз ээсинин далилдерин текшерүү учурунда айрым милиция кызматкерлери кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган белгилери менен бийликтен аша чабуусу аныкталган", - деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Октябрь райондук Ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Т. у. И. жана У. А. У. Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда окуянын бардык жагдайларын ар тараптуу жана объективдүү аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кабарланды.

Мунун алдында шектүүнү кармоо учурундагы видео соцтармактарга тараган. Андан каршылык көрсөтпөй эле турган кишини жарандык кийимчен кызматкерлер башка-көзгө чаап, тээп кармаганын көрүүгө болот. Укук тартибин коргоо органынын кызматкерлеринин бул мамилеси коомчулукта сынга кабылып, чара көрүү талаптары жазылууда. (КЕ)

Дагы караңыз

Милиция Аксыда төрт жашар бала сабалганы тууралуу маалыматты териштирүүдөТрамп Израил менен Ливан атышууну он күнгө токтотууну макулдашканын жарыяладыБакудагы Алят портунда Борбор Азияга жүк тартып келаткан миңдеген фура жыла албай туратФранция Европа өлкөлөрү Ормуздун коопсуздугун камсыздоого жардам бериши мүмкүн деп билдирди