Франциянын коргоо министри Катрин Вотрен Европа өлкөлөрү Ормуз кысыгынын коопсуздугун камсыздоого жардам бериши мүмкүн деп билдирди.
TF1 телеканалы менен маектешүүдө министр “Бул тынч жана агрессивдүү эмес, кысыктан коопсуз өтүүнү камсыздоого багытталган аракет болмокчу”, - деп айтты.
Маселе жума күнү Парижде талкууланат.
Бул күнү Франция менен Британия 40 өлкөнүн катышуусундагы жыйынга төрагалык кылышат. Жолугушууда Ормуздагы навигацияны калыбына келтирүү үчүн көп тараптуу миссияны ишке ашыруу жолдору тууралуу кеп болот.
АКШ–Иран сүйлөшүүсү майнапсыз аяктагандан кийин америкалык аскер флоту Ирандын портторун бөгөттөгөн. АКШ менен Израил чабуул баштаган 28-февралдан бери Тегеран Ормузду иш жүзүндө жапкан.
Буга чейин Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп европалык өнөктөштөрдү жана Азия мамлекеттерин мунай танкерлерин Ормуз кысыгынан коштоо миссиясына катышууга чакырган.
Айрым өлкөлөр Вашингтондун демилгесине кошулууну караштырып жатканын айтса, көбү четке каккан.
Сөз болгон кысыктан дүйнөлүк базардагы мунай менен газдын 20 пайызы өткөндүктөн глобалдык энергетикалык кризис жаралды.
Шерине