Орусия Украинага басып киргенден бери орусиялык кеминде 212 миң 188 аскер каза тапканы аныкталды. Мындай статистиканы БиБиСинин орус кызматы, «Медиазона» жана ыктыярчылардын тобу тактады. Алар өз иликтөөсүндө ачык булактарды колдонушат.
2025-2026-жылдары жоготуулардын ири бөлүгү майдандагы «бутага алуу тилкесиндеги» пилотсуз учактардын соккуларынан каза тапкандарга туура келет. Эки тарап тең дрондорду көп пайдалангандыктан ошол тилке эми кеңейди. Дрондорду учуруу чабуул коюу аракеттерине тоскоол болот.
Эң көп ыктыярчы каза болгон, андан кийинки орунда макамы аныкталбаган согуш катышуучулары, контракт менен майданга жөнөгөндөр, түрмөлөрдөн баргандар жана мобилизация болгондор турат.
Маалыматка караганда, акыркы кездерде келишим менен армияга чакан шаарлардын жана айыл жергесинин тургундары көбүрөөк барууда. Изилдөөчүлөр бул тенденцияны экономикалык кырдаалга, жумушсуздукка, жергиликтүү бийликтин урушка активдүү үгүттөгөнүнө байланыштырышат.
Орусиянын согуштагы жоготуулары мындан көп болушу мүмкүн деп белгиленет. Аскер эксперттеринин көз карашында журналисттер менен ыктыярчылар реалдуу сандын 45%-65% гана камтышы мүмкүн.
Согушуп жаткан тараптар жоготуулары тууралуу маалыматты ачыкка чыгарбайт.
Шерине