Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Кемпир-Абад иши: Асанов, Кадыров жана Дүйшөбаев да райсоттон акталды

Кемпир-Абад ишине байланыштуу айыпталгандар. 2024-жыл.
Кемпир-Абад ишине байланыштуу айыпталгандар. 2024-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад ишине байланыштуу ишти карап, айыпталуучулар Бектур Асановду, Кубанычбек Кадыровду жана Кеңешбек Дүйшөбаевди актаган өкүм чыгарды. Бул тууралуу Бектур Асанов "Азаттыкка" кабарлады.

Биринчи май райондук соту отурум 17-апрелде өткөнүн ырастап, бул ишке "жашыруун" грифи коюлгандыктан башка маалымат берген жок.

Жалпысынан 2022-жылдын күзүндө Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразылыгын билдирген 27 киши кармалган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен иш козгоп, 2023-жылдын январында “жашыруун” деген гриф коюлган. Ишти ИИМтин Тергөө кызматы тергеп, ошол жылдын июнь айында сотко өткөргөн. Айыпталуучулардын баары коюлган кинени мойнуна алган эмес. Кармалган 27 кишинин ичинен сегизи тергөө абагында калып, калгандары түрдүү жагдайда эркиндикке чыккан.

Айыпталуучулардын арасынан ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун иши өзүнчө каралды. Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши да өзүнчө өндүрүшкө алынган.

2024-жылдын 14-июнунда Биринчи май райондук соту 27 кишинин 22син актаган. Прокуратура каршы чыгып, шаардык сотко кайрылган. Шаардык сот быйыл 27-мартта 21 кишини актады. Райондук соттон акталган 22 кишинин бири - активист Илгиз Шаменовдун (Илгиз Сарылдык уулунун) иши ал "катуу ооруп жатканына байланыштуу" деген негизде өзүнчө карамай болду.

Айыпталуучулардын арасынан азыркы тапта саясатчы Равшан Жээнбеков гана камакта, ал Кой-Таш окуясы боюнча өткөн жылдын июнь айында камакка алынган, бул айыпка байланыштуу соттук териштирүүсү аяктай элек.(КЕ)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG