Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:56

The Bell Орусияда интернетти ФСБ толук көзөмөлдөп жатканын жазды

ФСБнын имараты.
ФСБнын имараты.

Орусияда интернетке 2025-жылдын жай айларынан бери ФСБнын "конституциялык түзүлүштү коргоо" жана терроризмге каршы күрөшүү иштерине жооп берген Экинчи кызматы кураторлук кылууда. Бул тууралуу The Bell басылмасы өз булактарына таянып жазды.

Басылманын маалыматына караганда, интернетке акыркы чектөөлөр, мессенжерди бөгөттөө жана VPN'дерди бузуу бул кызматтын ишмердүүлүгү менен байланыштуу. Ошондой эле оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын ууландырылышына ФСБнын Экинчи кызматынын тиешеси бар экени белгиленди.

The Bell басылмасынын IT тармагында иштеген булагы "кураторлук" кылуу кандайча ишке ашарын айтып берген. Анын айтымында, жакында Санариптик өнүктүрүү министрлигинде өткөн жыйында ФСБнын өкүлү байланыш операторлоруна жана интернет-компанияларына тапшырма берди. Алар орусиялыктардын интернетке коюлган бөгөттү айланып өтүп жаткан каражаттарына каршы күрөшүүнү колго алышы керек жана аны аткара албагандарга чара көрүлөт. "Экинчи кызмат демилгени колго алгандыктан баары өзгөрдү. Азыр алар бардык жерде, бардык чечимдерди кабыл алышат", - деп айткан басылманын булагы.

Мындан сырткары бир нече жума мурда төлөм операторлордун компаниясында текшерүү жүргөнү белгилүү болду. Аларга VPN кызматтарынын колдонуучулардына төлөмдү токтотуу буйругу берилди.

Маалымат булактарынын айтымында, былтыр жайында Экинчи кызматтын башчысы Алексей Седов Владимир Путин менен жолугуп, "интернетте тартип орнотууга убада берген".

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков The Bell басылмасынын бул боюнча суроосуна жооп берген жок.

Телеграмдагы чектөөлөрдүн артында да ФСБ турат деп болжолдонууда.

Атайын кызматтардын демилгеси менен "Комсомольская правда" жана "Российская газета" бир эле убакта Павел Дуровдун билдирүүсү жана ага каршы козголгон кылмыш иши тууралуу макалаларды жарыялашкан.

The Bell жазганына караганда, буга чейин интернетти Экинчи кызмат эмес, ФСБнын техникалык бөлүмү караган.

Орусияда акыркы күндөрдө интернет байланыш катуу чектелип жатат. Өзгөчө борбор калаа Москва жана башка ири шаарлардын тургундары Телеграм мессенжерин, банк карталарын, такси, тамакка буюртма берүү өңдүү популярдуу тейлөө тиркемелерин пайдалана албай калды.

Орус бийлиги муну коопсуздукту камсыздоо чарасы деп түшүндүрсө, укук коргоочулар Кремл дүйнөлүк желенин үстүнөн көзөмөлдү күчөтүүнү, жергиликтүү MAX тиркемесин киргизүүнү максат кылганын белгилешет.

Кыргызстандык кээ бир мигранттар да жакындары менен кат алышуу же сүйлөшүү кыйын болуп калганын айтууда.

Жергиликтүү медианын маалыматына караганда, Орусияда Телеграм дээрлик 80 процентке бөгөттөлдү. Марттын ортосунан бери тиркеме ачылбай, кат алышуу, сүрөт, видеолорду жүктөө кыйындады.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG