Орусиянын мамлекеттик социологиялык кызматы (ВЦИОМ) президент Владимир Путиндин саясатын жактагандар алты жума катары менен азайып жатканын каттады.
Мындай төмөн көрсөткүч Орусия Украинага басып киргенден көп узабай, 2022-жылдын күзүндө байкалган.
6-12-апрелде жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, Путиндин ишмердигин жактыруу рейтинги ага чейинки жума менен салыштырганда түшүп, 66,7% түздү. Президентке ишеним көрсөтүү көрсөткүчү да ылдыйлады.
Муну менен катар «Бирдиктүү Орусия» партиясын колдоо рейтинги да төмөндөдү.
Мамлекет менен байланыштагы дагы бир социологиялык институт - «Коомдук пикир» фонду да Путиндин рейтинги түшкөнүн каттады. Бирок кийин сурамжылоо көрсөткүчү кайра көтөрүлгөнүн көрсөттү.
Социологиялык кызматтар мындай көрүнүштүн себебин маалымдашкан жок.
Акыркы маалда интернетти, социалдык тармактарды бөгөттөө согушту колдогон чөйрөдө да нааразылык жараткан.
Андан тышкары эксперттер Украинадагы согуштун создугушу, Сибирдеги малды кыруу жана башка факторлор таасир эткенин айтышат.