Трамп Иран менен келишимге жакындашканын билдирди

Дональд Трамп

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандагы согушка чекит коюу келишими жакын арада түзүлүшү, делегациялар алдыдагы дем алышта Исламабадда кездешиши мүмкүн деп билдирди.

Анын айтымында, эмки жумада соңуна чыгып жаткан 15 күндүк атышпоонун мөөнөтү узартылышы ыктымал. Трамп Тегеран тынчтык келишимин каалап жаткандыктан узартуунун кажети калбайт деп белгиледи.

“Мындан ары эмне болорун байкайбыз. Бирок Иран менен келишимге жакындадык деп ойлойм”, - деп айткан Трамп макулдашууга кол коюлса Исламабадга барышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Ошол эле маалда Ирандагы булактар алдын ала келишимди жактыруу үчүн адегенде тараптардын “олуттуу пикир келишпестиктерин” жоюу керектигин Рейтер агенттигине айтышты.

Маалыматка караганда, жума күнү Пакистандын баш калаасына кетчү жолдордо аскерлер топтолгонун көрүүгө болот. Бирок жергиликтүү ишкерлерге буга чейинки кездешүүнүн алдындагыдай болуп дүкөн, кеңселерди жабуу көрсөтмөсү берилген жок.

АКШ менен Иран 11-апрелде сүйлөшүү өткөргөн. Тегерандын атомдук программасы жана Ормуз кысыгындагы кыймылды жандандыруу өңдүү негизги маселелери боюнча мунаса жетишилбей, АКШ ирандык портторду бөгөттөй баштаган.

Дагы караңыз

Путиндин рейтинги алты жумадан бери түшүп жатканын сурамжылоо көрсөттүAsman Airlines Бишкек–Ош каттамындагы окуяга жооп берип, жүргүнчүлөрдөн кечирим сурадыИран быйыл Армия күнүнө арналган парад өткөрбөйт