Орусияда чек арадан өткөндөр телефондорун көрсөтүүгө тийиш болот

Орусия-Грузия чек арасы. Архив.

Орусияда «Мамлекеттик чек ара тууралуу» мыйзамга киргизилген алымча-кошумчалар күчүнө кирди. Эми чек арадан эки жакка каттаган кишилерден электрондук жабдыктарын текшерүү үчүн талап кыла алышат. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) шилтеме менен жазышты.

Түзөтүүлөргө ылайык, кимдир бирөө чек ара режимин бузууга же тыюу салынган буюмдарды ташууга шектелсе, кызматкерлер телефон, планшет жана ноутбукту талап кылууга, ичиндеги маалыматка көз жүгүртүүгө укуктуу болмокчу.

Жабдыкты текшерүүгө берүүдөн баш тартуу аскер кызматкеринин буйругуна баш ийбөө болуп саналат жана 7 миң рубл айып пулга жыгылышы же 15 суткага чейин камалышы ыктымал.

Дагы караңыз

Иран: Бийлик өкүлдөрү интернет азыр ачылбай турганын айтыштыРаиса Атамбаева милицияга суракка чакырылдыКиев: Орусиянын ракетасынан "Азаттыктын" кабарчысынын үйү бузулду, өспүрүм набыт болду