Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун ар бир ардагерине 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу президенттин сайтына 17-апрелде жарыяланды.
Бир жолку материалдык жардам согуштун катышуучуларына, ошол мезгилде концлагерлер, гетто жана башка мажбурлап кармоо жайларында туткундалган балдарга, Ленинград блокадасы учурунда иштеген, «Ленинградды коргоо үчүн» медалы менен сыйланган адамдар жана Ленинград блокадасында калганы үчүн атайын төш белги менен сыйланган адамдарга берилет.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине почта чыгымдарын эске алуу менен Президенттик фонддон 4 млн 848 миң сом бөлүү тапшырмасы берилди.
Маалыматта быйылкы 200 миң сомдук жардам канча ардагерге берилери жазылган жок.
Былтыр 32 ардагерге ар бирине 100 миң сомдон берилген.
Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылы 1-сентябрда тутанып, 1945-жылы 2-сентябрда аяктаган. Ага ошол маалдагы 74 мамлекеттин 62си, дүйнөнүн 80% калкы катышкан. Согуштан жалпы 70 миллиондой адам кырылган.
СССР Экинчи дүйнөлүк согушка өзү аралашкан бөлүгүн Улуу Ата Мекендик согуш деп атаган. Германия менен СССРдин ортосундагы согуш 1941-жылы 22-июнда башталып, 1945-жыл 9-майда СССР жеңишке жеткен. Бул күн СССРде, кийин андан тараган мамлекеттерде Жеңиш күнү катары белгиленет.
1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон. (ZKo)
Экинчи дүйнөлүк согуштун ар бир ардагерине 200 миң сомдон берилет
Жеңиш аянтындагы Өчпөс от. Бишкек. (архив)