18-апрель күнү саат 9:48де Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарынын чектешкен аймагында жер титиреди.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, силкинүүнүн күчү очогунда 3,5 баллды түздү.
Жер титирөөнүн очогу Кара-Дөбө айылынан 12 чакырым, Өзгөн районунун Саламалик айылынан 36, ал эми Манас шаарынан 88 чакырым аралыкта болду.
Айрым аймактарда силкинүүнүн күчү 2,5 балл болуп сезилди.
Баштапкы маалыматтар боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Сейсмология институтунун расмий сайтында күн сайын өлкө аймагында жер силкинүү тууралуу маалыматтар жаңыртылып, жарыяланып турат. Андагы маалыматтарга караганда, Кыргызстанда дээрлик күн алыс эле жер силкинет.
Улуттук илимдер академиясы Кыргызстанда жыл сайын 9200дөй майда жер титирөө катталарын билдирген. Бул көрсөткүчтүн эң жогорку деңгээли 2016-жылы катталган, анда 16 миң жер титирөө болгонун адистер эсептеп чыгышкан.(ZKo)