Ирандын Сакчылар корпусу Ормузда эки танкерди аткылады

Оман, Ормуз кысыгы. Мусандам жээгинде турган кемелер жана танкерлер, 2026-жылдын 18-апрели. REUTERS/Stringer

Ормуз кысыгынан өтүүгө аракеттенген кеминде эки танкер аткылоого туш болгонун Reuters агенттиги 18-апрелде өз булактарына таянып жазып чыкты.

Британиянын Деңиз соода операциялары башкармалыгы (UKMTO) билдиргендей, окуя Омандан түндүк-чыгышты көздөй 37 чакырымдай алыстыкта болгон.

Танкерлердин биринин капитаны Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун эки кайыгы жакындап, андан соң ок чыгарганын, экипаж жабыркабаганын билдирген.

Тегеран ага дейре кысык кайра жабылганын жарыялаган. 17-апрелде элдешүү маалында коммерциялык танкерлер үчүн Ормуз ачылганын маалымдап, кийинки күнү Ирандын портторун АКШнын курчоого алуусу уланып жаткандыктан, кысыкта аскердик көзөмөл калыбына келтирилгенин айткан.

Бир нече танкер кысыкты көздөй багыт алганы, анын бир бөлүгү Ирандын Кешм аралында токтоп турганы кабарланган.

The New York Times аймакта Сакчылар корпусунун көмүскөдөгү флоту кемелердин кыймылы үчүн кооптуу бойдон калып жатканын жазды.

Америкалык аскер өкүлдөрү билдиргендей, Ирандын туруктуу флоту алсыз болуп калды, бирок чакан кайыктар менен учкучсуз каражаттар аракетин улантууда. Алар тар кысыкта натыйжалуу болгон "сокку уруу, жашынуу" тактикасын пайдаланып жатат.


Дагы караңыз

Киевде дүкөндөгү кол салуудан алты киши каза тапты