2050-жылга чейин Казакстан кеминде үч АЭС курууну пландап жатат

Алматы облусунда Казакстандагы биринчи атомдук электр станциясынын курулушу башталган учур. Улкен айылы, 2025-жылдын 8-августу.

2050-жылга карата Казакстан кеминде үч атомдук электр станциясын ишке киргизүүнү максат кылууда.

Мындай план казак президенти Касым-Жомарт Токаев бекиткен Атомдук тармакты өнүктүрүү стратегиясында камтылган.

«Стратегияга ылайык Казакстан Республикасында 2050-жылга карай кеминде үч атомдук электрстанциясы иштеп калат. Биринчи АЭС долбоорун ишке ашыруу азыр башталды, экинчисинин курулушу кароо баскычында, ал эми үчүнчү АЭС үчүн перспективдүү багыт катары чакан модулдуу реактор технологиясын колдонуу мүмкүнчүлүгү иликтенип жатат», — деп билдирди Атомдук энергия боюнча агенттик.

Былтыр февралда казак өкмөтү биринчи АЭС курула турган жерди бекиткен. Ал Алматы облусунун Жамбыл районунда, Балхаш көлүнүн жээгиндеги Улкен кыштагына жакын жерде курулмай болгон. Бийлик биринчи станцияны Орусия саларын жарыялаган.

Айрым экологдор атомдук станциянын курулушуна каршы. Алар станция Балхаш көлүнө зыян келтирет деп эсептешет.

Жарандык активисттер, айрым саясат талдоочулар АЭС Орусия тарабынан курулса, Казакстан энергетикалык жана саясий көз карандысыздыгын жоготот деген кооптонуусун билдирип жүрөт.

Расмий Астана бул чечимдин саясий өңүтү жок деп ишендирүүгө аракеттенүүдө.

«Чийки уранга, технологиялык жараяндарга Казакстан өзү көзөмөлдүк кыларын, оператор жана өндүрүүчү болорун» Атомдук энергия боюнча агенттиктин башчысы Алмасадам Саткалиев билдирди.

Казак бийлиги АЭС куруу чечимин 2024-жылы кабыл алган. Анын алдында бул маселе жалпы элдик референдумга коюлуп, ага катышкандардын 71% АЭС курууну колдогонун бийлик расмий кабарлаган.

Байкоочулар добуш берүү мыйзам бузуулар менен коштолгонун, бюллетендерди тобу менен таштоо учурлары катталганын айткан.

Дагы караңыз

Киевде дүкөндөгү кол салуудан алты киши каза тапты Ирандын Сакчылар корпусу Ормузда эки танкерди аткылады