Тегеран АКШ менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасына катышуу планы жок. Бул тууралуу 20-апрелде Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи айтты.
Кошмо Штаттар менен Иран делегациялары Исламабадда тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы өтөр-өтпөсү дагы эле белгисиз.
Ак үй 20-апрелдеги сүйлөшүүлөргө америкалык делегация Пакистанга жөнөп жатканын билдирген. Ал эми Ирандын мамлекеттик медиасы Тегеран өз өкүлдөрүн жибербей турганын кабарлаган.
«Иран улуттук кызыкчылыктарды жана кооптонууларды эске алуу менен сүйлөшүүлөрдү улантуу боюнча тиешелүү чечим кабыл алат», — деди журналисттер менен жолугушууда Багаи.
Ал ошондой эле Америка ирандык кемени кармап алышын «агрессия» деп атап, бул окуя иликтенип жатканын билдирди.
Ошол эле учурда жогорку даражалуу ирандык аткаминер Reuters агенттигине берген маегинде «өзөктүк программа боюнча пикир келишпестиктер чечиле электигин» айтты.
Анын айтымында, «АКШнын деңиздеги блокадасынын улантып жатышы Иран менен АКШнын тынчтык сүйлөшүүлөрүнө доо кетирүүдө».
11-апрелде Исламабадда көп жылдардан бери алгачкы жолу Кошмо Штаттар менен Ирандын ортосунда түз сүйлөшүүлөр эки жумалык ок атышпоо жарыялангандан кийин болгон. Тараптар анда мунасага келе алган эмес, бирок акыркы күндөрү жаңы жолугушууга даярдык туралуу маалыматтар пайда болгон.
Быйыл 28-февралда Израил менен АКШ Иранга сокку уруп, Тегеран ага жооп кайтарып Перс булуңундагы америкалык базалар жайгашкан өлкөлөргө сокку ура баштаганда дүйнөлүк мунай жана газдын 20% ашууну ташылган Ормуз кысыгын жаап койгон. Бул дүйнөлүк рынокто мунайдын кымбатташын шарттады.
Тегеран 17-апрелде элдешүү маалында коммерциялык танкерлер үчүн Ормуз ачылганын маалымдап, кийинки күнү Ирандын портторун АКШнын курчоого алуусу уланып жаткандыктан, кысыкта аскердик көзөмөл калыбына келтирилгенин айткан.