Танкерлер аткыланды
Жакынкы Чыгышта соңку учурда чыңалган абал сакталууда. 19-апрелде Ормуз кысыгынан өтүүгө аракеттенген кеминде эки танкер аткылоого туш болгону белгилүү болду. Британиянын Деңиз соода операциялары башкармалыгы (UKMTO) билдиргендей, окуя Омандан түндүк-чыгышты көздөй 37 чакырымдай алыстыкта болгон.
Танкерлердин биринин капитаны Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун эки кайыгы жакындап, андан соң ок чыгарганын, экипаж жабыркабаганын билдирген.
Тегеран ага дейре кысык кайра жабылганын жарыялаган. 17-апрелде элдешүү маалында коммерциялык танкерлер үчүн Ормуз ачылганын маалымдап, кийинки күнү Ирандын портторун АКШнын курчоого алуусу уланып жаткандыктан, кысыкта аскердик көзөмөл калыбына келтирилгенин айткан.
Бир нече танкер кысыкты көздөй багыт алганы, анын бир бөлүгү Ирандын Кешм аралында токтоп турганы кабарланган.
The New York Times аймакта Сакчылар корпусунун көмүскөдөгү флоту кемелердин кыймылы үчүн кооптуу бойдон калып жатканын белгиледи.
Америкалык аскер өкүлдөрү билдиргендей, Ирандын туруктуу флоту алсыз болуп калды, бирок чакан кайыктар менен учкучсуз каражаттар аракетин улантууда. Алар тар кысыкта натыйжалуу болгон "сокку уруу, жашынуу" тактикасын пайдаланып жатат.
АКШ Ирандын кемесин кармады, блокада уланууда
Ал тапта АКШнын президенти Дональд Трамп Иранды ок атышууну убактылуу токтотуу келишимин бузду деп сындап, америкалык күчтөр ирандык жүк ташуучу кемени кармаганын билдирди.
Ал 19-апрелде өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө Тегеран эпке келбесе, Ирандын маанилүү инфраструктурасы, көпүрө жана электр станциялары талкаланарын эскертти.
"Бүгүн Ирандын желеги астында жүк ташуучу Touska кемеси биздин деңиздеги курчоону бузууга аракеттенип, бирок андан майнап чыккан жок. АКШнын Аскердик аба күчтөрүнүн ракеталык Spruance эсминеци аны кармап, токтоо тууралуу так эскертүү берди. Ирандык экипаж буга баш ийбей койгондуктан, биздин кеме анын машина бөлүгүн тешип токтотту. Кеме азыр АКШнын деңиз аскерлеринин карамагында. Touska буга чейинки мыйзамсыз иштерине байланыштуу Каржы министрлигинин санкцияларына кабылууда. Биз кемени толук көзөмөлдөйбүз жана анда эмне бар экенин текшерип жатабыз", - деп жазды Трамп.
Ирандын бийлиги кеменин кармалышын “каракчылык” деп атады. АКШнын бийлигин ок атышууларды убактылуу токтотуу келишимин бузду деп айыптап, буга жооп кайтара турганын билдирди.
Исламабадда сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы өтөбү?
Трамп АКШнын өкүлдөрү Иран менен тынчтык сүйлөшүүлөрдүн жаңы баскычына катышуу үчүн Пакистандын борбору Исламабадга аттанганын да жазды. Анын сөзүнө караганда, сүйлөшүүлөр 20-апрелде өтөт.
Иран тарап азырынча муну бышыктай элек. Маалыматтарга караганда, Исламабадда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
11-апрелде Исламабадда көп жылдардан бери алгачкы жолу АКШ менен Ирандын ортосунда түз сүйлөшүүлөр эки жумалык ок атышпоо жарыялангандан кийин болгон. Тараптар анда мунасага келе алган эмес, бирок акыркы күндөрү жаңы жолугушууга даярдык туралуу маалыматтар пайда болгон.
Трамп жазгандай, АКШ Иранга "абдан адилеттүү жана акылга сыярлык келишим" сунуштоодо, бирок андан баш тартса "Ирандагы бардык электрстанцияларды жана көпүрөлөрдү" жок кылууга даяр.
CNN каналынын маалыматына караганда, АКШнын делегациясына вице-президент Жей Ди Вэнс, Трамптын атайын чабармандары Стивен Уиткофф менен Жаред Кушнер кирди.
Тегерандын АКШ менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасына катышуу планы жок экенин 20-апрелде Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи айтты.
Кошмо Штаттар менен Иран делегациялары Исламабадда тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы өтөр-өтпөсү дагы эле белгисиз.
Ак үй 20-апрелдеги сүйлөшүүлөргө америкалык делегация Пакистанга жөнөп жатканын билдирген. Ал эми Ирандын мамлекеттик медиасы Тегеран өз өкүлдөрүн жибербей турганын кабарлаган.
«Иран улуттук кызыкчылыктарды жана кооптонууларды эске алуу менен сүйлөшүүлөрдү улантуу боюнча тиешелүү чечим кабыл алат», — деди журналисттер менен жолугушууда Багаи.
Ал ошондой эле Америка ирандык кемени кармап алышын «агрессия» деп атап, бул окуя иликтенип жатканын билдирди.
Ошол эле учурда жогорку даражалуу ирандык аткаминер Reuters агенттигине берген маегинде «өзөктүк программа боюнча пикир келишпестиктер чечиле электигин» айтты.
Анын айтымында, «АКШнын деңиздеги блокадасынын улантып жатышы Иран менен АКШнын тынчтык сүйлөшүүлөрүнө доо кетирүүдө».
Сүйлөшүүлөрдө Ирандын өзөктүк программасы жана Ормуз кысыгынын макамына байланышкан маселеде мунаса табылбай жатат.
Пакистандын жана башка өлкөлөрдүн арачылыгы менен жетишилген эки жумалык ок атышууларды убактылуу токтотуу келишими 22-апрелде аягына чыгат.
Быйыл 28-февралда Израил менен АКШ Иранга сокку уруп, Тегеран ага жооп кайтарып Перс булуңундагы америкалык базалар жайгашкан өлкөлөргө сокку ура баштаганда дүйнөлүк мунай жана газдын 20% ашууну ташылган Ормуз кысыгын жаап койгон. Бул дүйнөлүк рынокто мунайдын кымбатташын шарттады.
Тегеран 17-апрелде элдешүү маалында коммерциялык танкерлер үчүн Ормуз ачылганын маалымдап, кийинки күнү Ирандын портторун АКШнын курчоого алуусу уланып жаткандыктан, кысыкта аскердик көзөмөл калыбына келтирилгенин айткан.
Ормуз кысыгы Перс жана Оман булуңдарын туташтырат, андагы суу каттамдары негизинен Иран көзөмөлдөгөн аймактан өтөт.
Шерине