АКШнын Борбордук командачылыгы билдиргендей, бөгөттөө Ирандын бардык портторуна тийиштүү болот жана мындай тартип 13-апрелден тартып иштей баштайт.
Трамп флот кызматкерлерине эл аралык сууларда кысык аркылуу өтүү үчүн Иранга төлөм төлөгөн кемелерди аныктоо жана кармоо тапшырмасын берди.
"Мыйзамсыз төлөм төгүп жаткандар ачык деңизде коопсуз өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло албайт", – деди ал.
Айрым маалымат каражаттары Иран соңку апталарда кээ бир кемелерден кысык аркылуу өтүүсү үчүн миллион долларга чейин төлөм алганы тууралуу маалымат бар экенин жазып чыгышкан. Мындай шартка, алардын билдиргенине караганда, 250, негизинен Иран менен жана "көмүскө флот" менен байланышы бар кеме макул болгон.
Трамп АКШ Ормуз кысыгын минадан тазалоо ишин баштай турганын да билдирип, кандай гана чабуул болбосун, катуу жооп кайтарыларын эскертти.
Ормуз кысыгы дүйнөлүк жүк ташууда жана эл аралык мунай базарында көйгөйлүү кырдаалдын очогуна айланган окуя тарыхта буга чейин да, 1980-жылдары болгон.
Оңой эмес күндөрдү эстеп...
Арильд Сивертсен бир кездери деңизде аскердик кызмат өтөгөн көптөгөн адамдар сыяктуу эле азыркы тапта Ормуз кысыгында түзүлгөн жагдайдан улам бул аймак тууралуу эң оор эскерүүлөргө батып турган кези.
"Азыркы согушту көргөн сайын бизде кайрадан баягы эскерүүлөр [травмадан кийинки жан дүйнө жарааты]... 1980-жылдары кызмат кылган деңизчилер үчүн азыр кыйын болууда, себеби ошол кездеги оор окуялар кайрадан эсине түшүп, тынчтык бербей жаткан учуру", - деди Норвегияда жашаган ардагер.
Сивертсен 1981-1988-жылдардагы танкерлер согушу курчуп жаткан маалда Ормуз кысыгында кеме башкарчу. Перс булуңундагы азыркы абал да ал үчүн ошол кездеги кризис менен үндөшүп тургансыйт.
Танкерлер согушу 1980-жылы Ирак Иранга кол салгандан кийин өзүнчө жаңжал болуп тутанган жана бара-бара жалпы Перс булуңуна жайылган. Адегенде Ирак, кийин Иран каршылашынын мунай объектилерин жана кемелерин бутага ала баштаган.
1980-жылдардын орто ченинде Ирак Франция берген кыргын салуучу учактардын жана кемеге каршы ракеталардын жардамы менен Ирандын мунайын ташып бараткан кемелерге сокку уруп, ал эми Иран Кувейттин жана Сауд Арабиясынын портторуна кирген башка мамлекеттердин танкерлерине кол салуу үчүн фрегат жана ылдам жүрүүчү кайык колдонгон. Бул согушта Кувейт да, Сауд Арабиясы да Ирак тарапка колдоосун көрсөткөн эле.
Суу үстүндөгү ошол согушта жүздөгөн кеме бутага алынып, коммерциялык деңиз флотунун 100дөн ашуун кызматкеринин өмүрү кыйылган.
Перс булуңунда кызмат өтөө, албетте, коопттуу болгон, бирок ал жер аркылуу өтүүчү танкердин кызматкери болууга аскерлер кооптуу шартта иштегенинин акысы катары айлыгына кошулуучу акча үчүн макул болушкан. Кээде маянасынын ар бир күн үчүн төлөнүүчү бөлүгү кооптуу шартты эске алуу менен эки эсе көбөйтүлчү. Сивертсендин белгилешинче, экипаждын жооптуу кызматтагы мүчөлөрү да бул маанилүү каттам аркылуу мунай ташуучу кемелердин ишинин үзгүлтүккө учурашына жол бербөөгө жооптуу экенин сезип турушар эле.
"Биздин максат өз милдетибизди аткаруу эле. Анткени кеме ээлери бизге Ормуз кысыгын ачык кармап турушубуз, мунайдын ташылышын камсыз кылышыбыз зарыл экенин, антпесек жалпы дүйнөнүн экономикасы кыйрап каларын айтышкан", - дейт ал.
"Жарыксыз, чыраксыз..."
Олав Миклебуст да 1980-жылдары Перс булуңу аркылуу каттаган кемелерде инженер болуп иштеген. Жалпысынан аймактагы кызматы учурунда Ирак авиациясынын эки жолку кол салуусуна кабылган. Ошондой соккулардын бири кеме Дубайдын жээгинде жүргөн учурда урулган. Бутага суудагы кемелерди алуучу ракеталардын бири аз жерден алардын кемесине тийип кала жаздаган. Бирок жанындагы кемеге тийип, машина бөлүмүндө иштеп жаткан бир нече кишинин өмүрүн кыйган.
Миклебуст азыр мунай танкеринде менежер болуп иштейт.
Өзү эмгектенген тармактын ардагерине айланган каарманыбыздын пикиринде, Ормуз кысыгы аркылуу соңку күндөрү өткөн кемелерде иштеген анын кесиптештери да 1980-жылдары кемелер курчоодо калбашы үчүн колдонгон тактика боюнча аракет көрүштү.
Ал 1980-жылдардагы кемелердин байкалбай калуу тактикасын акыркы күндөрү Ормуз кысыгынан өткөн кесиптештери да колдонуп жатышканын айтты.
Адистин белгилешинче, 1980-жылдары Перс булуңундагы танкерлер жолго негизинен караңгы киргенде гана чыгышчу:
"Эч кандай жарыксыз, эч кандай чыраксыз, экипаждын бардык иллюминаторлору чапталып коюлган. Жээктегилерге билинип калбасын деп аларды дээрлик колдончу эмеспиз, жандырып, кайра өчүрө калчубуз. Азыр да ошону эле кылып жатышкан болсо анда алар билинбей өтүп кете алышат".
Ошондой эле, Миклебусттун айтымында, кемелер башкалар менен кагылышууга жол бербөө максатында колдонулуучу транспондерин өчүрүп сала алышат, анткени ал жабдык да кеме кыймылына көз салып туруучу сайттарга координаттарды өткөрүп берип турат.
1987-жылдын август айында Ормуз кысыгына жакындап калганда жүк ташып бараткан норвегиялык танкердин капитаны катары кабыл алган чечимин Арильд Эйнар Сивертсен "Танкерлер согушу" деген китебинде өтө катуу толкундануу менен эскерген.
Сивертсендин айтымында, Перс булуңу аркылуу сүзүп баратканда алардын аммиак жүктөлгөн кемеси Ормуз кысыгынан байкалбастан өтүп алыш үчүн болгон жарыгынын баарын өчүрүп, радио байланышты да чектеп койгон. Бир маалда алардан анча алыс эмес жер жарк-журк боло түшкөн. Демек, алар сыяктуу эле сүзүп өтүп кетүүгө аракет кылып жаткан кемелердин бири ирандык катерлер тобунун жапырт чабуулуна туш болгон.
"Биз ракеталарды көрүп турдук, баарын ультра кыска толкундар аркылуу угуп да жаттык. Капитанынын айласы куруду", - деп эскерди Сивертсен.
Ал радио аркылуу SOS сигналы келгенде карама-каршы сезимде калганын, жардам берейин деп артка барса өзүн өзү жок кылууга барабар болмогун эстеп, бирок, жардам сураган сигналды башкаларга жайылтканын айтты. Деңиз шартында бул SOS белгисинин ретрансляциясы деп аталат.
"Эгер мен ага чала турган болсом жаныбыздагы ирандыктар ошол жерде дагы бир кеме бар экенин дароо байкап каларын билгем", - деген Сивертсен андан көрө унчукпай эле туруу туура болорун чечкен:
"Мен биздин кеменин ичиндеги 24 кишинин тагдырын ойлошум керек болчу. Ошондуктан эч нерсеге жооп бербестен, жолумду караңгыда уланта беришим туура болчу".
Аскер кызматкерлеринин коштоосунда
1980-жылдары Ирак менен Ирандын жүздөгөн кемелерге чабуул коюусунан улам Америка Кошмо Штаттары Перс булуңу аркылуу өтүп жаткан танкерлерди коштоп жүрүү үчүн аскердик кемелерин жөнөткөн. Бирок мындай кийлигишүүнүн кесепети трагедия менен коштолгон. 1987-жылы май айында АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнө таандык Stark кемеси Ирактын согуштук учагынан атылган эки ракета менен бутага алынган. Кийинчерээк Багдад учкуч согуштук кемени танкер деп ойлоп алганын билдирген. Бул соккунун кесепетинен 37 америкалык аскер кызматкери набыт болгон.
Бир жылдан кийин дагы бир трагедия болгон. Перс булуңу аркылуу өтүүчү танкерлерди коштоп бараткан америкалык кемелер үчүн согуштук аракет жүргүзүүнүн жаңы эрежелери киргизилип, АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн Vincennes кемеси Ирандын жүргүнчү ташуучу учагын аскердик учак деп багытын өзгөртүүсүн талап кылган жана лайнерди эки ракета менен атып түшүргөн. Учактын ичиндеги 290 адамдын баарынын өмүрү кыйылган.
Иран менен Ирак ортосундагы согуш 1988-жылы августта аяктап, бир айдан кийин АКШнын аскердик кемелери Перс булуңу аркылуу өтүүчү танкерлерди коштоп жүрүүсүн токтоткон.
Ошол кездеги "танкер согушунун" ардагерлери Ормуз кысыгын кайрадан Кошмо Штаттардын Аскер-деңиз күчтөрүнүн аракети менен ачса болорун айтып жатышат. Бирок, Арилд Сивертсендин пикиринде, мындай кадам азыркы жаңжалды ого бетер курчутуп салышы мүмкүн.
Ал эми Олаф Миклебуст 1987-жылы июлда болгон окуяны айтып эскертүүдө. Анда АКШнын аскердик кемелеринин калкалоосунда жүрүп бараткан танкер суудагы минага кабылган жана бул "дүйнөдөгү эң кубаттуу флоттордун бири болуп турса деле кырдаалды толук көзөмөлдөөсү мүмкүн эместигинин" далили болуп калган.
Макаланын түп нускасы бул жерде.
Автору Amos Chapple