Ал арада бир катар маалымат каражаттары АКШ Иранда жер операциясын башташы мүмкүн деп жазышты. Ислам жумуриятынын расмий өкүлдөрү андай болсо чечкиндүү чара көрүлөрүн эскертишти.
29-мартта АКШнын президенти Дональд Трамп Air Force One учагынын бортунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Иранда “режим алмашканын”, жаңы жетекчилик “өзүн абдан акылдуу алып жүргөнүн” билдирди. Америкалык лидер “бир режим талкаланганын, азыркысы дээрлик жок кылынганын, АКШ үчүнчү режим менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын” жана тынчтык келишимине жакын арада жетишилет деп ишенерин белгиледи.
“Биз бүгүн Иран менен абдан жакшы сүйлөшүү жүргүздүк, алар буга чейин эле бериш керек болгон нерселерди алдык. Бардыгы жакшы жүрүүдө. Бүгүн кошумча буталар жок кылынды. Деңиз аскерлери, аба күчтөрү талкаланганын билебиз. Бүгүн бир топ буталар жок кылынды. Биз ирандыктар менен түз жана арачылар аркылуу сүйлөшүп жатабыз”.
Президент тикелей сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайына, ага ким катышканына токтолгон жок. Буга чейин Тегерандын расмий өкүлдөрү америкалыктар менен жолугушуулар жүргөнү тууралуу маалыматтарды четке кагышкан. Ислам жумурияты АКШдан 15 пункттан турган тынчтык планын алганын ырастап, бирок ага макул болбосун билдирген.
30-мартта Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эсмаил Багаеи Кошмо Штаттардан менен түз сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын төгүнгө чыгарды:
“Жолугушуулардын акыркы айлампасынан бери Америка менен тикелей сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн эмес. АКШнын талаптары ашыкча, реалдуу эмес жана логикага сыйбайт. Пакистан аймактагы кошуна өлкөлөр менен уюштуруп жаткан кездешүүлөр да алар өздөрү аныктаган алкакта ишке ашырылууда. Биз ага катышкан жокпуз.
Мунун алдында арачылык вазийпасын өзүнө алган Пакистан АКШ менен Иран ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даярдык жүрүп жатканын билдерген.
29-мартта Financial Times гезитине чыккан интервьюда Трамп Ирандын мунайын тартып алуу, Харк аралын басып алуу ыктымалдыгын кыйытты. Жээгине 26 километр жакын жайгашкан ал арал аркылуу өлкө мунайынын 90% экспорттойт.
Аны басып алуу менен АКШ Ислам жумуриятынын мамлекеттик бюджетинин негизги кирешесин түзгөн кара май соодасын үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн.
Трамп ошондой эле Тегеран маанилүү Ормуз кысыгын жарым-жартылай ачып жатканын кошумчалады.
Перс булуңундагы айрым өнөктөштөр согуштун эскалациясынан, Ирандын жооп чараларынан чочулап АКШны жөө аскерлерин Харк аралына жөнөтпөөгө чакырышууда.
Ирандын жообу
Айткандай эле Ислам жумурияты эгер Кошмо Штаттар жердеги операциясын баштаса, чечкиндүү жооп кайтарарын эскертти. Жергиликтүү маалымат каражаттары, анын ичинде IRNA агенттиги парламенттин спикери Мохаммад Бакер Калибафтын ишемби күнкү кайрылуусун басып чыгарышты. Согуштун бир айлыгын утурлай саясатчы “душман сүйлөшүүлөргө дардыгын айтуу менен бирге жер операциясына тымызын камданууда” деп билдирди.
Ислам жумуриятынын бир катар жогорку жетекчилери жок кылынгандан кийин Калибаф таасирдүү аткаминердин бирине айланды. Атүгүл Вашингтон менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү тууралуу маалыматтар тарап, ал өзү муну четке каккан.
Өз кезегинде АКШда террордук деп таанылган Ислам революциясынын сакчылар корпусу да үн катып, жер операциясынын арты “баскынчылар үчүн өкүнчүтүү” болорун эскертти.
Медиа: Пентагон жердеги операцияга даярданууда
Өткөн ишембиде The Washington Post гезити Пентагон бир нече жумалык жер операциясына даярданып жатканын, регионго 3 жарым миң аскер жөнөткөнүн жазган.
Ак үй бул маалыматты ырастап же четке каккан жок, бирок мындай даярдыктарды күтүлбөгөн кырдаалдарга байланыштуу пландоо аракети катары түшүндүрдү.
New York Time кабарлагандай, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскерлердин саны ушу тапта 50 миңден ашат. Басылма күжүрмөн даярдыктагы бөлүктүн жүздөгөн жоокери аймакка барганын, алар деңиз күчтөрүнүн жана тандалма десантчылардын катарын толукташарын жазды. Макалада аты аталбаган америкалык эки аткаминерге шилтеме менен айтылгандай, алар конкреттүү тапшырма ала элек.
27-мартта АКШнын мамлекеттик катчысы Марок Рубио өлкө Ирандагы максатына “жөө аскерлерин тартпастан” жете аларын айткан. Ал Перс булуңуна кошумча аскерлерди жайгаштыруу президент Трампка түрдүү варианттарды тартууларын түшүндүргөн.
Шерине