Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:02

АКШда Трамптын саясатына каршы нааразылык акциясы өттү

Жоржия штатынын Атланта шаарындагы нааразылык акциясы, 28-март, 2026
Жоржия штатынын Атланта шаарындагы нааразылык акциясы, 28-март, 2026

Ишемби күнү Америка Кошмо Штаттарында президент Дональд Трамп жана анын администрациясынын саясатына каршы жапырт нааразылык акциясы өттү.

Уюштуруучулардын айтымында, үчүнчү жалпы улуттук акция "No kings" деген ураандын алдында өтүп, “АКШнын тарыхындагы эң ири акция” болуп калды.

50 штатта 3 миңден ашуун митинг жана демонстрациялар өттү. Акция АКШдан сырткары башка дагы ири шаарларда болду. Уюштуруучулардын айтымында, ага жалпысынан 8 млн киши катышты.

Митингдин уюштуруучулары жана катышуучулары Трамптын администрациясынын авторитардык тенденцияларына, иммиграция кызматынын (ICE) аракеттерине, социалдык адилеттүүлүк талаптарына нааразылык билдиришүүдө. Ошондой эле Иран менен согушка каршы жана Палестинаны колдогон ураандар айтылды.

Эң чоң демонстрация Миннесота штатынын Миннеаполис шаарында болду. Бул штатта быйыл кышында Американын иммиграция жана бажы көзөмөл кызматынын кызматкери (ICE) рейд учурунда эки кишини атып салган. Экөө тең АКШнын жараны болгон.

Андан кийин шаардагы мыйзамсыз иммигранттарды аныктоо рейддери кыскарган. Муну Трамптын каршылаштары жеңиш деп аташууда. Ишемби күнкү нааразылык акциясына он миңдеген адамдар катышканы болжолдонууда, уюштуруучулар алардын санын 200 миңге жеткенин кабарлашты.

Ырчылар Брюс Спрингстин, Жейн Фонда, штаттын губернатору Тим Уолтц жана сенатор Берни Сандерс сөз сүйлөдү. Маданият кызматкерлери, белгилүү саясатчы-демократтар Нью-Йорктогу акцияга катышты.

Ак үй демонстарцияларды солчул активисттердин тармагы уюштурганын, аны Трамптын каршылаштары марттык менен каржылаганын билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG