Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:10

Ленинграддагы Усть-Луга порту кайрадан дрон чабуулуна кабылды

Усть-Лугадагы өрт.
Усть-Лугадагы өрт.

Орусиянын Ленинград облусундагы Усть-Луга порту акыркы күнү үчүнчү жолу дрон чабуулуна туш болду. Жергилүү бийлик ондогон учкучсуз учактар атып түшүрүлгөнүн, жараат алгандар жок экенин,бирок порт зыянга учураганын билдирди. Кийинчерээк портто тутанган өрт өчүрүлгөнү кабарланды.

Соңку күндөрү Усть-Луга жана Балтика деңизиндеги Приморск ири мунай порту бир нече жолу украин армиясынын аткылоосуна туш болду. Экөөндө тең өрт тутанды.

Ленинград облусунун губернатору Александр Дрозденконун айтымында, түнү аймакта 30 дрон атып түшүрүлдү. Орусиянын Коргоо министрлигинин мааылматына ылайык, түнү менен жалпысынан 200 украин учкучсуз учагы жок кылынды. Канчасын атып түшүрүү мүмкүн болбогону маалыматта айтылган эмес.

Петербургда Пулково аэропортунда кайрадан чектөө киргизип, ондогон каттамдардын багыт өзгөрсө, айрымдары учпай калды.

Украинанын армиясы Усть-Лугага урулган соңку сокку тууралуу комментарий бере элек. Бул өлкөнүн Телеграм каналдары порттун өрттөнүп жатканы тартылган видеолорду жарыялап жатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG