Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:45

Дагестанда сел жүрүп, Махачкалада өзгөчө кырдаал жарыяланды

Дагестан.
Дагестан.

Дагестанда нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин республиканын борбору Махачкаланы суу каптаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, Махачкала, Дербент, Избербаш, Хасавюрт жана дагы 6 районду суу каптаганы боюнча 300дөн ашуун билдирүү түштү.

Жергиликтүү “Дагестан” агенттигинин билдиришинче, 70 миң киши жашаган 132 калктуу конуш жарыксыз калды. Чарода (37 айыл) жана Табасаран (33 айыл) райондорунда абал оор экени айтылды.

Махачкала шаарына өзгөчө кырдаал абалы киргизилди. Калаанын айрым көчөлөрүн, ондогон жер тамдарды суу каптады. Айрым жерлерде суунун көлөмү 1,5 метрге жеткен. Куткаруучулар төрт кишини куткарышты. Дагы 83 киши, балдар коопсуз жайга чыгарылды. Бир эел көчөдө 6 машина суу алдында калды.

Метеорологдордун ала ала божомолуна караганда, Дагестанда катуу шамал коштогон жаан-чачындуу аба ырайы 29-мартка чейин уланат.

Шерине

XS
SM
MD
LG