Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:57

Астанада орусиялык ырчы Полина Гагаринанын концерти өтпөй турган болду

Полина Гагарина
Полина Гагарина

Орусиялык ырчы, "Z-артистка" деп айтылып жүргөн Полина Гагаринанын 5-апрелде Астана шаарында өтөрү пландалган концерти болбой калды. Бул тууралуу казакстандык Zakazbiletov.kz. белет сервиси Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Билдирүүдө уюштуруучулар концерттин болбой калышын "өздөрүнөн жана артисттен көз карандысыз жүйөдөн улам" деп түшүндүрүштү. Сатылып алынган белеттердин акчасы 14 күн ичинде кайтарылары айтылды.

Ырчынын расмий сайтында Астанадагы концерт тууралуу маалымат жок. Гагарина 15-апрелде Бишкекте, 16сында Ташкент шаарында концерт коеру тууралуу гана жазылган.

Полина Гагаринанын концерттери буга чейин да Казакстанда бир нече ирет болбой калган. 2023-жылы Алматыда белгиленген концерти коомчулуктун басымы менен токтотулган. Былтыр 27-ноябрда Астанада болот деген концертинин белеттери Zakazbiletov.kz. платформасынан алынган. "Конгресс-Арена" аянтчасы концертти жарыялаганы менен болбой калган.

Орусия Украинага кол салгандан бери Казакстанда бул согушту колдогон орус ырчыларынын көптөгөн концерттери өткөн жок. Алардын ичинде Лариса Долина, Полина Гагарина, Григорий Лепс бар. Ошондой эле согушту жактаган актер Сергей Глушко катышкан спектакль жана Украинанын Орусия оккупациялап алган бөлүгүнө барып, өнөрүн тартуулаган "Камызяки" тобунун концерти болгон эмес.


Шерине

XS
SM
MD
LG