Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:52

Бекназаров УКМКнын соңку беш жылдагы ишин комиссия текшериши керек деп эсептейт

Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Саясатчы, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлерден турган комиссия түзүлүп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) соңку беш жылдагы ишин текшерүү зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу Бекназаров NazarNews Ютуб каналындагы интервьюсунда айтты.

«Соңку окуяда милициянын тергөөчүлөрү 2-3 саат сурап коё берип жатканы менен азыркы жагдайга чекит коё албайбыз. Президент Садыр Жапаров коомдук ишмерлер, депуттар жана башкалардан турган мамлекеттик комиссия түзүп, УКМКнын беш жылдык ишине көз карандысыз, калыс жыйынтык чыгаргыла десе калыс болот эле. Азыр Ташиевдин каржылык пирамидасы, иниси, баласынын байлыгы тууралуу азыр окуп, угуп жаткандарды уксам менин деле төбө чачым тик турууда», - деди Бекназаров.

Азимбек Бекназаров Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулардын бири. 27-мартта Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган 21 кишини актаган райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Айрымдарынын иши ар кандай себептер менен бөлүнүп каралууда.

Айыпталуучулардын баары күнөөсү жок экенин айтып келатышат.

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана парламенттин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна жолдогон кайрылуусунан кийин 10-февралда кызматынан алынган. Ошондон бери ал кызматтан алынышын жана соңку саясий кырдаал боюнча кеңири комментарий бере элек. 20-мартта айт намаздан кийин журналисттердин суроосуна жооп берген Ташиев өз дарегине айтылган айыптоолорду "каралоо" деп атаган.

Ташиев кызматтан алынгандан кийин бир топ ишкерлер УКМКнын аракеттерине карата арызданып жатышат. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG